Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Украина: Киевге урулган сокку, Северодонецкидеги кармаш


Украин күчтөрү айыгышкан кармашта Северодонецк шаарынын тең жарымын кайрадан өз көзөмөлүнө алды. Орусия чакан жетишкендик катары Луганск облусундагы аталган шаарды ээлеш үчүн аны катуу талкалап жатат.

Мындан башка багыттарда да атышуу уланууда. Батыш өлкөлөрү Киевге алыс аралыкка атылчу куралдарды жеткирип жатат. Москва бул жардамдардын кесепети оор болорун эскертүүдө.

“Аскерлерге курал, элге ишенич”

Соңку суткалардагы айыгышкан кармаштар Украинанын Луганск облусунун Северодонецк шаарында жана Донецк облусунун Славянск шаарында болду. Орусиянын күчтөрү эки калааны тең артиллерия жана бомбалар менен дээрлик талкалап салды. Дүйшөмбүгө караган түнү украин бийлиги алардын аскерлери Северодонецкинин жарымын кайра өз көзөмөлүнө алышканын маалымдады.

Украина президенти Владимир Зеленский салгылаш жүрүп жаткан тилкелерге өзү барып, жоокерлер менен согуштук пландарды талкуулады. Иш жүзүндө ал орус аскерлери басып алган аймактарга бир нече чакырым жакын жерде болду. Андагы видео кайрылуусунда Зеленский буларга токтолду:

Владимир Зеленский согуш линиясындагы аскерлер менен. 5-июнь, 2022-жыл.
Владимир Зеленский согуш линиясындагы аскерлер менен. 5-июнь, 2022-жыл.

“Биз Лисичанск жана Соледар шаарларында болдук. Жоокерлерге дем-күч берип, колдоомду билдирип келдим. Аларга бир нерсе алып бардык. Анын чоо-жайына токтолбой эле коёюн. Аскерлерден элибизге да абдан маанилүү нерсе – ишенич алып баратабыз”,-деди ал.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Орусия күчтөрү Киевди жана башка аймактарды басып ала албаган соң аталган эки облустун администрациялык чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Бирок башка багыттарда деле аткылоосун токтоткон жок. Херсон, Запорожье, Харьков, Николаев, Одесса облустарына улам-улам ракеталык, артиллериялык жана авиациялык соккулар жасалып жатса, Киевге кайрадан жаңы сокку урулду.

“Украин темир жолдору” ишканасынын өкүлү Сергей Лешенький Киевде журналисттерге мындай маалымат берди:

“Орусия ракеталык соккуларын Украинадан европалык рынокко дан азыктарын ташуучу вагондорго жана башка соода вагондоруна талкалоо үчүн пайдаланып жатат”.

Дан азыктары демекчи, Орусия ушул тапта Кара деңиздин жана Азов деңизининин жээгиндеги украин шаарларын да бөгөттөп, алардын буудайларын сыртка экспорттоосуна мүмкүнчүлүк бербей жатат. Натыйжада, алар товарын темир жол аркылуу чыгарууга баш уруп жатышкан.

Алыска атылчу ракетанын чуусу

Бул арада Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда Москванын жообу катаал болорун эскертти. Кремл ал куралдар Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланылат деп чочулап жатат.

Орусиянын президенти Путиндин сөзүн мамлекеттик телеканалдар мындайча келтирди:

Владимир Путин
Владимир Путин

Владимир Путин“Менимче, кошумча курал жеткирүүгө байланыштуу ызы-чуунун баары бир эле максатты – куралдуу жаңжалды дагы созууну көздөйт”.

Журналист: Ошол эле ракеталык системаларды алар алыс аралыкка чейин колдонушу мүмкүн да?!

Владимир Путин: “Ооба, анүчүн ракеталар керек. Эгер алар жеткирилсе, анда биз тиешелүү жыйынтыктарды чыгарып, өзүбүздүн кыйратуучу каражаттарыбызды колдоно баштайбыз. Буга чейин сокку ура элек объектилерге сокку уруу үчүн алар бизде жетиштүү”.

Украина Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн артиллериялык курал-жаракка муктаж экенин билдирип келет. Мурдараак АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Киевге берүүгө макул болгонун, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо тууралуу убада бергенин жарыялаган. Украиналыктар 300 чакырымга чейин атылчу курал сураган, HIMARS системалары 80 чакырымга чейин атылат.

АКШнын коргоо министринин саясат боюнча орун басары Колин Каль убада кылынган куралдар Украинага жакын өлкөлөргө алып келингенин ырастады:

Колин Каль
Колин Каль

“Президент Байдендин бул ыктымал чечимин аткаруу жана украиндерге ыкчам жеткирүү үчүн коргоо министрлиги HIMARS системаларын Европага жайгаштырды. Бул ал системаларды коопсуз жана эффективдүү пайдалануу үчүн жана ал куралдарды тейлөө үчүн да зарыл”.

Ал ортодо Улуу Британия дагы Вашингтондун артынан алыс аралыкка атылчу ракеталык комплекстерди Украинага жеткирерин жарыялады.

Британ коргоо министри Бен Уоллес алар Киевге берчү M270 жапырт аткылоочу системалар Украинаны Орусиянын чабуулдарынан коргоого жардам берет. Аталган системалар 80 чакырымга чейинки бутаны жогорку тактыкта жок кыла алат, бирок 300 чакырымга чейин атууга мүмкүнчүлүгү бар.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген. Төрт айга таяп бараткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. Дээрлик 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG