Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Өзбекстан буудай кампасын шашылыш толтурууда


Буудай жыйноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Буудай жыйноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) азык-түлүк мекемелери Орусиянын Укрианада баштаган согушунан улам дүйнөдө ачарчылыкка учурагандардын саны кескин көбөйөрүн эскертти. Бул арада буудайдын глобалдык запасы азаюуда.

Мындан улам чөлкөмдө Өзбекстан буудай кампаларын шашылыш толтурууга өттү. Дан азыктарынын тартыштыгы Борбор Азиядагы башка мамлекеттерди да тооруп турат.

“Дүйнөдө ачка калгандар арбыйт”

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жаңы эскертүүлөрүн мекеменин директорунун орун басары Маурицио Мартина италиялык Corriere della Sera гезитине курган маегинде билдирди.

Ал Украинадагы согуштан улам анын портторунда кеминде 6 миллион тонна буудай жана 14 миллион тонна жүгөрү экспорттолбой турганын айтып, бул көп өлкөлөрдө аталган азыктардын тартыштыгына алып келерин айтты. Натыйжада көп мамлекеттерде тамак-аш кымбаттап, калктын көп бөлүгүнө жеткиликтүү болбой калат.

Маурицио Мартина
Маурицио Мартина

"Бул жаңжалга чейин эле ачарчылыкка дуушар болгондордун саны өсүп жаткан. 2021-жылы 53 өлкөдө ачка калгандардын саны 40 миллионго көбөйүп, дээрлик 200 млн. адамга жеткен. Азыркы согуш абалды ого бетер курчутат. Биздин баштапкы эсептерибиз так ушул куралдуу кагылыштан улам ачка калгандардын саны дагы 18 миллионго көбөйөрүн көрсөтүүдө", - деген анда Маурицио Мартина.

Улуттар Уюмунун дагы бир башка мекемеси Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизлинин жоромолу мындан дагы катаал. Ал өзүнүн соңку билдирмелеринде, Украинадагы кризистен улам ачарчылыкка кабылган адамдардын саны дүйнөдө болжол менен 276 миллиондон 323 миллионго чейин өсүшү ыктымал экенин айтты.

Жогоруда белгиленгендей, буга биринчиден согуштан улам азык-түлүк товарларынын ири экспортёру болуп саналган Украинадан жүктөрдүн чыкпай жатышы себеп болот.

Экинчиден, жаңжалдын экинчи катышуучусу Орусиянын өзүнүн айрым товарларды сыртка чыгарууга салган чектөөсү жана анын өзүнө салынган санкциялардан улам буулган экспорт. Үчүнчүдөн, ушул эле согуштук жана санкциялык аракеттерден улам жаралган башка өлкөлөрдөгү деңиз жана башка транспорттук логистикаларынын бузулушу.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ушул жагдайларды эске алуу менен согуштун алгачкы күндөрү бул жаңжалдан улам быйыл элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы коркунучу күтүп турганын эскерткен. Себеби, жакыр 50дөн ашык өлкөнүн кеминде 36сы Украина менен Орусиянын буудай экспортуна көз каранды.

“Буудайдын запасы 10 аптага гана жетет”

Орусия жылына 120 миллион тоннадан 135 миллион тоннага чейин дан азыктарын өндүрөт. Мунун ичинен буудай өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турганы менен соңку жылдары аны сыртка сатууда биринчиликке чыккан.

Ал эми Украина бул өндүрүштө 9-10-сапта туруп, буудайды чет жакка эң көп экспорттогон беш мамлекеттин катарында. Жалпы дан азыктарынын өндүрүшү 100 миллион тоннанын тегерегинде.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФА) дүйнөдөгү буудайдын быйылкы өндүрүшүнө карата болжолун майда төмөндөтүп, 782 миллион тонна деп баалаган. Түшүмдүн пландалгандан төмөндөшү кайра эле Украинадагы согушка, климаттык кырсыктарга, анын ичинде кургакчылыкка жана башка көрүнүштөргө байланыштырылууда.

Башка маселе ири өндүрүшчүлөр быйыл экспортторун бууп, тескерисинче, өзүн-өзү камсыздоого аракет кылууда. Анткени алар кырдаал кайсы жагына ооп кетерин билбей турушат.

Ошол себептүү азыр дүйнөдөгү бар запастын көлөмү актуалдашууда. Маселен, орусиялык “Совэкон” агенттиги азыркы запас 18 аптага чейин жетерин билдирсе, америкалык Gro Intelligence уюму кампаларда 10 аптага жетерлик запас калганын кабарлоодо. Башкача айтканда, буудай 2,5 айга гана жетет экен.

Gro Intelligence уюмунун директору Сара Менкердин сөзү мекеменин сайтында мындайча келтирилет:

Сара Менкер
Сара Менкер

“Мамлекеттик агенттиктердин маалыматтары дүйнөдөгү буудайдын запасы жылдык керектөөнүн 33% жетерин көрсөтүүдө. Бирок биз ошол эле мамлекеттик жана жеке булактардагы маалыматтарды анализдеп чыккандан кийин глобалдык запас 20% тегерегинде экенин аныктадык. Бул деген 2007-2008-жылдардагы финансылык жана товардык кризис маалындагыдай көрсөткүч. Бүгүн абал ал жылдардагыдан да жаман болуп жатат. Учурда бизде дүйнөлүк керектөөнүн 10 аптага жете турган гана запасы калды. Айыл чарбасы жер семирткичтерге жеткиликсиз болуп жатса, көп чөлкөмдөрдө буудайды өндүрүүдөгү кургакчылык кыйнап жатат. Бул акыркы жылдардагы 20 жыл ичиндеги эң экстремалдуу көрсөткүч”,-деген ал.

Өзбекстандын шашылыш чаралары

Бул арада Өзбекстан дан азыктарын, анын ичинде ундун импортун кескин көбөйттү. Маселен, быйылкы жылдын төрт айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу ундун импортун 22 миң тоннага көбөйтүп, 124,8 миң тоннадай алып келди.

"Озодлик" радиосу Өзбекстандын Статистикалык комитетине таянып маалымдагандай, ундун ири бөлүгү акыркы айларда Казакстандан сатып алынды. Gazeta.uz сайтынын жазганына караганда, биринчи кварталда кошуна өлкөдөн буудай, ундан тышкары май, маргарин, эт жана арпанын импорту көбөйдү.

15-апрелде казак бийлиги ички рыноктогу таңсыктыкты алдын алуу үчүн буудай жана ундун экспортуна чектөө киргизген. Демек, Ташкентке Нур-Султандан ун алуу ошондон кийин токтоп турат деп бүтүм чыгарсак болот.

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн өзүндө быйыл 7 миллион 679 миң тонна буудай жыйналат күтүп жатат. Бул өткөн жылдын түшүмүнө салыштырмалуу 1 миллион тоннага көптүк кылат. Өзбек өкмөтү быйыл күздө да аталган эгиндин аянтын кеңейтүүнү максат кылып жатат.

Өлкө мындан сырткары 20дан ашык азык-түлүк товарларын ташып келүүгө бажы алымдарын жоюп, тескерисинче дагы ондогон түрлөрүн сыртка экспорттоого тыюу салды. Ага карабай бир топ азыктар, анын ичинде буудай менен ун кымбаттады. Натыйжада нандын баасы да өстү.

Тажикстандагы кырдаал

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин эсебинде, өлкө калкы жылына 1,7 миллион тонннадай буудай керектейт. Бирок жергиликтүү дыйкандар азыктын бул түрүн жылына болгону 900 миң тоннадай гана өндүрө алат.

Ошого байланыштуу бул мамлекеттин бийлиги да быйыл мүмкүн болгон жердин баарына азык-түлүк айдоо тапшырмасын койду. Май айындагы кайрылууларында президент Эмомали Рахмон ар бир үй-бүлө өзүн-өзү эки жылдык азык-түлүк менен камсыздашы керектигин эскерткен:

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

“Азыркы кырдаалдардын жана башка факторлордун биздин элибизге жана таасирин алдын алуу үчүн, улуттук экономикабыздын бардык тармактарын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн биз буга чейин болуп көрбөгөндөй эмгектенишибиз керек жана азык-түлүк азыктарын мүмкүн болушунча көбүрөөк өндүрүшүбүз зарыл”,-деген Рахмон.

Ага карабай Тажикстанда жыл башынан бери азык-түлүктүн бардык түрлөрү кымбаттап жатат. Анын ичинде айрыкча ундун, өсүмдүк майынын, кумшекердин баасы өстү.

Кыргызстан Орусиядан алып келе албай жатат

Украинадагы уруш башталган соң Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого тыюу салып, уюмдан сырткаркы мамлекеттерге сатууда бажы алымдарын көбөйткөн. Бул аталган уюмдагы өлкөлөрдүн ичинде өзгөчө Кыргызстанга терс таасир этип жатат.

Кыргыз өкмөтү бул багытта жеңилдик алуу үчүн Москва менен бир нече жолу сүйлөшүү өткөрдү. Бирок андан толук жыйынтык чыккан жок.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков мурдараак “Азаттыкка” буларды билдирген:

Данияр Жанузаков
Данияр Жанузаков

“Орусия буудайдын бардык түрүнө чектөө киргизген эле. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үрөндү сатууга кайрадан уруксат берди. Бирок азыктык буудайды Евразия экономикалык биримдигинин ичинде сатууга койгон чектөөсүн ала элек. Биз сүйлөшүүлөрдү дагы да улантып жатабыз, эки жолу жолуктук, алты жолу кат жөнөттүк. Алар өздөрүндө да “кандай күн болот” деп, сыртка көп чыгаруудан кооптонуп турушат экен. Азыр биздеги буудайдын көлөмү ушул тапта өзүбүздү камсыздаганга толук жетет. Бирок баары бир кошумча запастарды тартууга аракет кыла бергенибиз оң. Азык-түлүк коопсуздугунун өзөгүн түзгөн товарлардын калгандары боюнча тартыштык жок”.

Акыркы эсептерде, Кыргызстан жылына 770 миң тонна буудай керектейт. Өлкөнүн өзүндө орточо 400 миң тонна гана жыйналат. Мына ошондуктан азыктын бул түрүнөн Орусияга, Казакстанга көбүрөөк көз каранды.

"Быйыл буудай импорту 30-40% азаят"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:37 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG