Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Өзбекстан биринчи кварталда Казакстандан 122,8 миң тонна ун алды


Өзбекстандагы наабайкана.
Өзбекстандагы наабайкана.

Өзбекстан быйылкы жылдын төрт айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда ундун импортун 22 миң тоннага көбөйтүп, жалпы көлөмү 124,8 миң тоннага жетти. Бул туралуу өлкөнүн Статистикалык комитетине таянып, "Озодлик" радиосу маалымдады. Ундун ири бөлүгү – 122,8 миң тонна январь-апрель айларынын аралыгында кошуна Казакстандан алынган.

15-апрелде казак бийлиги ички рыноктогу таңсыктыкты алдын алуу үчүн буудай жана ундун экспортуна чектөө киргизген.

Апрель-июль айларында Ташкент Казакстандан ыңгайлуу баага 100 миң тонна үчүнчү сорттогу буудай жана ун алууну көздөгөн.

Gazeta.uz жазганына караганда, биринчи кварталда кошуна өлкөдөн буудай, ундан тышкары май, маргарин, эт жана арпанын импорту көбөйдү.

Марттын орто ченинде Орусия буудайды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттого чектөө киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG