Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

БУУ: Украинадагы согуш ачарчылык маселесин курчутат


Маурицио Мартина.
Маурицио Мартина.

Украинадагы согуштан улам азык-түлүк жана жер семирткичтин жетишсиздиги жаралып, дүйнөдө ачарчылыкка учурагандардын саны 218 миллионго жетет. Бул дүйнө калкынын 3% түзөт. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera гезитине берген маегинде БУУнун өкүлү Маурицио Мартина билдирди.

"Крисизке чейин эле ачарчылыкка дуушар болгондордун саны өсүп, 2021-жылы 53 өлкөнү алганда дээрлик 200 млн. адамга жеткен. Азыркы жагдай абалды ого бетер курчутат", - деген Мартина.

БУУнун жаңы эсептөөлөрүнө караганда, украин портторунда алты млн. тонна буудай жана 14 млн. тонна жүгөрү кармалып турат. Өнүгүп келе жаткан 55 өлкөнүн кеминде 36сы Украина менен Орусиянын буудай экспортуна көз каранды.

Мартинанын белгилешинче, уюм Украинанын эгиндерин жүк ташуучу автоунаалар менен Румынияга экспорттоону уюштуруунун үстүндө иштеп жатат. Ал жерден азык-түлүк Дунай аркылуу кетет. Бирок экспорттолгон дандын көлөмүн орус-украин чатагына чейин деңиз аркылуу экспорттолгон көлөм менен салыштырууга болбойт.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизлинин айтымында, Украинадагы кризистен улам ачарчылыкка кабылган адамдардын саны болжол менен 276 миллиондон 323 миллионго чейин өсүшү ыктымал. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG