Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Кожошев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп дайындалды


Арзыбек Кожошев.
Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат ЕЭКтин сайтында жарыяланды. Кожошевдин компетенциясына Евразия экономикалык биримдигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы дагы ырастады.

Бул орунда мурда Кыргызстандын атынан “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков иштеп келген.

Буга чейин айрым депутаттар Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) Кыргызстандын атынан отурган министрлер өлкө кызыкчылыгында маселе көтөрбөй жатканын айтып, Жогорку Кеңешке чакырып кызмат ордун кароону сунушташкан. ЕАЭБдеги көйгөй катары кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны, Орусияда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам мигранттарды машакатка салып жатканы аталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңсеси Москвада жайгашкан. Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЕЭКтин департамент директору болуп былтыр октябрда дайындалган. Арзыбек Кожошевден сырткары Максат Мамытканов былтыр июлда Кыргызстандын атынан бул комиссияга министр болуп дайындалган. Ал уюмдагы бажы маселелерин тейлейт.

Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) Орусия, Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстан кирет. Уюм Евразия экономикалык биримдигиндеги эң жогорку орган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG