Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Орусияда депутаттар Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырышты


Украинада талкаланган орус техникасы. 23-май, 2022-жыл.
Украинада талкаланган орус техникасы. 23-май, 2022-жыл.

Орусиянын Приморский крайынын депутаттары президенти Владимир Путинди Украинадагы аскердик аракеттерди токтотуп, өлкөдөн аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырышты.

Мындай билдирүүнү Коммунисттик партиянын депутаттарынан атынан 27-майда аймактын Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү Леонид Васюкевич окуп берди.

Билдирүүдө орус аскерлери Украинада чоң жоготууларга учурап жатканына байланыштуу аскердик жол менен кандайдыр бир ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экени белгиленет.

"Биздин өлкө аскердик операцияны токтотпосо, өлкөдө жетимдердин саны көбөйөрүн түшүнүп жатабыз. Аскердик операциянын маалында жаштар өлүп, майып болуп жатышат. Алар өлкө үчүн абдан пайдалуу болушмак", - деп жазылган билдирүүгө Васюковичтен башка анын партиялаштары Геннадий Шульга, Наталья Кочуга жана Александр Сустов кол коюшкан.

Жыйынга катышкан облус губернатору Олег Кожемяко депутаттардын билдирүүсүн сынга алды.

"Силердин акцияңар орус армиясынын жана нацизмге каршы күрөшүп жаткан биздин коргоочулардын беделине шек келтирет. Силер саткынсыңар!", - деди Кожемяко.

Коммунист депутаттардын лидери Анатолий Долгачев кесиптештеринин бул "кылыгынын кесепети оор болорун" билдирди. Айрым депутаттар кийинчерээк билдирүүгө кол койгонун четке кагып чыгышты.

Орусия Украинага 24-февралда эч себепсиз кол салган. Украин бийлиги Орусия согушта жыйырма миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирип келет. Ал эми Москва чоң жоготууларга учураганын мойнуна алганы менен акыркы жолу 25-мартта гана 1351 жоокерин жоготконун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG