Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Алымкадыр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан алды


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды. Мекенин басма сөз кызматы алар "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) иштен бошотулганын билдирди.

Аты аталган адамдар буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан эки аптадай мурун Бейшеналиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө башчыларына кайрылган. Анда министрдин өзүн алып жүрүүсү, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы өңдүү себептерди аташкан. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы" айтылган.

Министр ошол маалда Германияда жүргөн жана дооматтарды четке каккан.

Анын алдында Бейшеналиевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. Ал Германияда жүргөндө кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан.

Бул окуяларга байланыштуу президент Садыр Жапаров жана анын аппараты азырынча үн ката элек.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон бери анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG