Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Улуттук наркты сактоо программасы боюнча талкуу өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 27-майда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын негизинде атайын план-программа даярдоого байланыштуу талкуу өтөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, ага президенттик администрациянын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, активисттер катышат.

Садыр Жапаров бул жарлыкка 21-майда кол койгон. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрга чейин мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл буруу каралган атайын программа иштелип чыгышы керек.

Документте диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо, өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аӊ-сезимдин артыкчылыгын эске алуу белгиленген. Муфтиятка салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодогу түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу сунушталары жазылган.

Ошондой эле салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу маанилүү экени көрсөтүлгөн.

"Мамлекеттик башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таӊууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсыл бир деӊгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген", - деп жарлыкта.

Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамында моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак тууралуу жобо киргизилген. Буга чейин Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине мектептерге руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү сабактарын киргизүүнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG