Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Молдованын экс-президенти 30 күнгө үй камагына алынды


Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон. 24-май, 2022-жыл.
Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон. 24-май, 2022-жыл.

Молдованын соту мурдагы президент Игорь Додонду 30 күнгө үй камагына алуу чечимин чыгарды. Кишинёвдун Чокан райондук соту өкүмдү 26-майда чыгарды. Шейшембиде Додондун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 72 саатка камалган.

Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы мамлекеттин мурдагы башчысы Игорь Додонго төрт айып такты, анын ичинде жемкорлук жана мамлекеттик чыккынчылык да бар.

Тергөөнүн эсебинде, Додон олигарх Владимир Плахотнюктан пара алган. Орусиячыл Игорь Додон Молдованы 2016-2020-жылдары башкарган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук деп атап жатат.
Ошондой эле Додондун кайниси Петр Меринян дагы отуз күнгө тергөө абагына камалды.

Кремл Додондун ишине жана анын укуктарынын корголошуна тыкыр көз салып жатканын билдирди.Европадагы эң жакыр мамлекет деп эсептелген Молдова март айында Евробиримдикке кошулууга расмий арыз жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG