Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

"Акнетте" Орусиянын мамлекеттик телеканалдары көргөзүлбөй калды


Акнет компаниясы.
Акнет компаниясы.

"Акнет" компаниясы Кыргызстанда Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) көрсөтүүлөрү токтотулганын билдирди.

"Эл аралык спутниктерде ВГТРК телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу жабылды. Ушул себептен Орусиянын маданияты, Орусия 24, Звезда телеканалдарды убактылуу көрсөтүлбөйт", - деп айтылат маалыматта.

"Акнет" компаниясы учурда туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруу иштери жүрүп жатканын, иштер бүтөрү менен эфир берилерин айткан.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарына кеткен чыгымын кескин көбөйткөнү маалымдалган.

Украинада үч айдан бери согуш болуп жатат. Батыш өлкөлөрү кол салуу үчүн Орусияга бир катар санкцияларды салган. "Кара тизмеге" Орусиянын пропагандалык маалымат каражаттары жана медиа тармагында иштеген айрым адамдар да илинген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG