Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Канада Песков, Симоньян, Эрнст жана башкаларга санкция салды


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Канада Украинага кол салууга тиешеси бар орусиялык 10 жаранга санкция салууда. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 7-мартта билдирди. Анын айтымында, тизмеде мурдагы жана азыркы аткаминерлер, олигархтар, орус жетекчилигинин тарапкерлери бар.

Канада өкмөтүнүн сайтында жарык көргөн тизмеде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Мамлекеттик думанын депутаты Павел Крашенинников, теле алып баруучу Владимир Соловьев, RT каналаныны башкы редактору Маргарита Симоньян, Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, олигарх Олег Дерипасканы жана башкаларды көрсө болот.

Британ жана Нидерланд өкмөт башчылары да катышкан пресс конференцияда Трюдо бул ысымдар орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түзгөн тизмеден алынганын белгиледи. Саясатчылар Орусияга санкция салууну улантышарын айтышты.

Буга чейин Канада "Газпром" жана "Роснефть" компанияларынын негизги кызматкерлерине санкция киргизген, Орусиядан чийки мунай импортуна жана Орусиянын Борбордук банкы менен трансакцияларга тыюу салган. Андан тышкары орус мамлекет башчысы Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго жеке өздөрүнө тиешелүү санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG