Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесине 50 мамлекетти киргизди


Орус өкмөтүнүн имараты.
Орус өкмөтүнүн имараты.

Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түздү. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино, бардыгы болуп 50 мамлекет кирди. Тизмеге Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкция салган же аларды колдогон өлкөлөр камтылган.

Президент Владимир Путин буга чейин кол койгон буйрукка ылайык, дос эмес мамлекеттердеги кредиторлор алдында бересеси бар орусиялык компаниялар менен жарандар карызын валюта эмес, рубль менен төлөй алышат.

“Кара тизмедеги” компаниялар менен келишим түзүү чет өлкөлүк инвстицияларды көзөмөлдөгөн атайын комиссиянын жактыруусунан кийин гана мүмкүн болмокчу. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында айтылат.

“Дос эмес өлкө” деген термин Орусиянын мыйзамдарында биринчи жолу былтыр апрелде пайда болгон. Андай мамлекеттердин орус жергесиндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө башка өлкөлөрдүн жарандарын жалдап алууга тыюу салынган. Ошол тизмеге АКШ жана Чехия кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG