Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны бошотулду


Москвадагы полиция кызматкерлери. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Москвадагы полиция кызматкерлери. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Замирбек Досматов бошотулду. Бул тууралуу бүгүн 7-мартта “Азаттык” радиосуна анын агасы Мунарбек Досматов билдирип, иниси Кыргызстанга кайтып келгенин маалымдады.

Досматов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кармалганы айтылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал 23-февралда кармалганын ырастаган жана ага коюлган айып негизсиз экенин тастыктаган документтер даярдалып жатканын билдирген.

Элчилик тактаган маалыматка караганда, Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Досматов чек арада эмес, Орусияда болчу.

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй, коё берилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан Кыргызстандан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлаган.

Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG