Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Дүйнө жүзүндө COVID-19дан каза тапкандар 6 миллиондон ашты


Бишкек. Январь, 2022-жыл
Бишкек. Январь, 2022-жыл

Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен каза тапкандар 6 миллиондон ашты.

Мындай маалымат коронавирус пандемиясынын башталышынын үч жылдыгына карата АКШдагы Жонс Хопкинс университети жарыялаган маалыматта 7-мартка карай вирустан 6 миллион 97 кишинин көз жумганы айтылат.

Салыштыруу үчүн айтсак, Испаниядагы Барселона шаарынын калкы мындан аз.

Соңку төрт айда эле илдет миллион кишинин өмүрүн алды. Ушу тапта негизинен "омикрон" штаммы жайылууда.

Талдоочулардын айтымында, пандемия учурунда бир катар өлкөлөрдө чыныгы статистика жашырылып келгендиктен, COVID-19дун курмандыктары университет келтиргенден 2-4 эсе көп болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG