Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

HRW: талибдер маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кысымды күчөттү


"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Забул провинциясы, 19-август 2021-жыл
"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Забул провинциясы, 19-август 2021-жыл

Хьюман Райтс Уотч эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Ооганстандын “Талибан” башкарган бийлигин алыскы аймактарда цензураны жана маалымат каражаттарынын кызматкерлерине каршы кысымды күчөткөнү үчүн айыптады.

“Борбор шаардан башка жерлердеги журналисттердин абалы оорурак көрүнөт. Өзгөчө аялдардын абал кейиштүү”, - деп айтылат уюмдун 7-марттагы билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар талибдер Кабулдагы бийликти басып алган былтыркы августтан бери Ооганстанда окуяларды чагылдыруу барган сайын кыйындап баратканын белгилешет.

HRW өлкөдөгү 34 провинциянын 17синде 24 журналистти жана медиа кызмактерлерди сөзгө тарткан. Алар “Талибан” материалдарына жакындан көз салып, жергиликтүү Маалымат жана маданият башкармалыгы менен макулдашып чыгарууну талап кылганын айтып беришкен.

Элге маалымат жеткирүүгө аракеттенген журналисттер коркутууларга, кармоолорго, уруп-сабоолорго туш болгону да ачыкка чыккан.
Уюм бир топ журналисттер өзүн-өзү чектөөгө мажбур болгонун белгилейт.

“Алыскы аймактарда “Талибандын” куугунтуктоолоруна, кол салууларына туш болгон журналисттердин окуялары көз жаздымда калат”, – деди укук коргоочу уюмдун Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Ферешта Аббаси.

Маалыматка ылайык, былтыркы августтан бери өлкөдөгү журналисттердин 80% ишин жоготту, жүздөгөн медиа каражаттары жабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG