Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Орусиянын армиясы Северодонецкиге чабуулун күчөттү


Северодонецк. 21-май, 2022-жыл.
Северодонецк. 21-май, 2022-жыл.

Орусиялык аскерлер Донбасстагы Северодонецк шаарына чабуулдарын күчөтүштү. Ошондой эле өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков шаарын туш келди аткылоодон тогуз киши мерт кетип, жыйырма чакты адам жарадар болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москваны "геноцидге" айыптап, Батышты Орусия менен "ойноону" токтотуп, согушка чекит коюуга жардамдашууга чакырды.

"Мунун баары биздин элибиздин депортацияланышы жана жайкын тургундардын жапырт өлтүрүлүшү, Орусия жүргүзүп жаткан геноцид саясатынын ачык көрүнүшү",-деди Зеленский.

Британиянын чалгын кызматы жарыялаган маалыматта Орусия соңку күндөрү 50 жыл мурунку T-62 танктарын Донбасска тартканы белгиленет. Билдирүүдө жазылгандай, бул Орусияда заманбап курал-жабдык, танктар жетишсиз экенин айгинелейт.

Ошондой эле маалыматта Орусия Донбасстагы эки шаарды курчоого алганына карабастан украин аскерлери туруштук көрсөтүп жатканы жазылат.

Северодонецк шаарында бийликтин маалыматы боюнча 13 миңдей киши бар. Бул согушка чейинки калктын 10% түзөт. Эгер Северодонецк жана Лисичанск шаарлары багынса, Луганск облусу толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG