Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады


"Заманбап санариптик банк жана экосистема" форуму.
"Заманбап санариптик банк жана экосистема" форуму.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады.

"Бул тууралуу өкмөт башчы "Заманбап санариптик банк жана экосистема" форумунда сүйлөгөн учурда айтты. Ал өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

"Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү болуп саналат. Биз муну менен эле токтоп калбай, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”, - деп белгилеген Жапаров.

"Сколково" фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков каржы-экономикалык чөйрөдө, жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бишкекте өткөн форумга Орусиянын сегиз ири IT компаниясы катышууда.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу санкцияга кабылган Орусиянын айрым жарандары жер которууга мажбур болууда. Алардын арасында ар кайсы тармакта иштегендер, анын ичинде IT-адистер да арбын. Көпчүлүгү Орусияда абал турукташканга чейин Кыргызстанда болорун билдиришүүдө.

Президент Садыр Жапаров апрелдин башында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн "санариптик көчмөндөргө" жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG