Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Аба ырайы: Жаан жаап, тоолорго кар түшөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 29-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында жаан болот.

Бийик тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда сел кетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5°.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG