Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Иранда имарат кулагандан кийин чыккан нааразыларга көздөн жаш агызуучу газ колдонулду


Ирандагы кырсык.
Ирандагы кырсык.

Ирандын коопсуздук күчтөрү көп кабаттуу имарат кулагандан кийин демонстрацияга чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок чыгарды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Ушул аптанын башында Абадан шаарында жаңы курулуп жаткан 10 кабаттуу имарат кулап, 28 киши каза болгон.

"Демонстранттар Абаданда жана Ирак менен чектеш провинциянын башка шаарларында 27-майдан бери үчүнчү күн катары менен акцияга чыгып жатышканы кабарланды. Жакындарын жоготкондор окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда", - деп жазды Fars агенттиги.

Чогулгандар "компетентсиз жетекчилерди каалабайбыз" деп кыйкырышкан.

Бендер-Машшехр шаарында нааразылыкка чыккандар улуттук барабандарды ургулап, кыйкырып жатканын маалымат каражаттары жазды. Нааразылык акциясын өткөргөндөргө башка шаардан келип кошулгандар да болду.

Абаданда жүргөн ички иштер министри Ахмад Вахиди 28-майда уранды астынан "дагы эки сөөк табылганын" жана тек-жайын тактоого жөнөтүлгөнүн айтты. Ушуну менен каза болгондордун саны 28ге жеткенин IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

IRNA агенттиги билдиргендей, Хузестан провинциясынын сот бийлиги 28-майда окуяга байланыштуу 13 адам, анын ичинде азыркы мэр жана мурдагы эки мэр камакка алынганын билдирди.

Бейшемби күнү өзүнүн расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырган.

Нааразылык акциялар өлкө боюнча интернет байлынышы үзгүлтүккө учураган учурга туш келди.

Биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер мамлекеттик телеканалга "подрядчы, куруучу, көзөмөлчү жана лицензия берүү тутумунун ортосунда кеңири жайылган коррупция бар экенин" айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG