Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Садыр Жапаров Чек ара кызматын өнүктүрүү улантыларын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчы өз куттуктоосунда мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо өзгөчө маанилүү тапшырма экенин жана өлкө коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири болуп саналарын белгилеген. Чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлганын айткан.

"Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендикке кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат. “Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деп, ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз 4700дөн ашуун чакырымга созулган Мекен чегин кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жайгдайларда болбосун, көз ирмебей күзөтүп келет. Мамлекет дагы, эл дагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчы чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улана турганын белгилеген.

Датага байланыштуу Бишкектеги Жеңиш сейил багындагы Д.Асанов атындагы Чек ара даңкы аллеясында салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, бир катар кызматкерлерге татыктуу иши үчүн Ардак грамота жана медалдар тапшырылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 23 жыл толду. Мекеме 1999-жылдын 28-майында президенттин жарлыгы менен негизделген.

2002-жылга чейин Чек ара кызматынын курамына Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын башкы чек ара көзөмөл башкармалыгы кирген.

Андан кийин бир канча жолу өз алдынча орган, Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы мекеме болуп өзгөргөн.

2020-жылдын аягында кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG