Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстан кумшекер экспортуна убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн


Кыргызстанда кумшекердин тартыштыгы жана анын баасынын кескин кымбаттап кетишине байланыштуу экспортко убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кайыңды-Кант” заводуна барган учурда ушул маселени карап чыгууну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, заводду чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп турган.

"Республикага кант камышынын сырьёсун жеткирүү азыртадан эле башталды. Учурда завод ишин жандантты, ишкана өлкөнүн соода тармактарына суткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында Министрлер кабинети республикага 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыккан.

Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык акция менен бир кишиге суткасына жеңилдетилген чекене баады 1 кг кумшекер 79 сомдон сатылат. Ал эми 1 кг ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.

27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болгон.

Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде кантты алып чыгууга тыюу салган. Апрель айынан тарта өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк салык ставкасы (КНС) күчүнө кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG