Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Украин православ чиркөөсү Москва патриархатынан көз карандысыздыгын жарыялады


Митрополит Онуфрий (Березовский).
Митрополит Онуфрий (Березовский).

Орус православ чиркөөсүнүн курамына кирген украин православ чиркөөсү “толук көз карандысыздыгын” жарыялады. Буга байланыштуу чечим 27-майда чиркөөнүн расмий сайтына жарыяланды. Буга чейин жергиликтүү собордун сунушу менен дин ишмерлери шашылыш жыйынга чогулган.

Собор Москва патриархынын Украинадагы согушка байланыштуу позициясына макул эместигин билдирди. Ал украин жана орус бийликтерине кайрылып, "сүйлөшүүлөр процессин улантууну жана кан төгүүнү токтото турган күчтүү жана жүйөлүү сөздү издөөнү" өтүндү.

Украин проваслав чиркөөсүнүн башчысы, митрополит Онуфрий (Березовский) буга чейин дагы Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган кайрылуулар болгонун, бирок алардын үнү угулбай келгенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG