Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Болот Жунусов: ЕАЭБдин талаптары кризистик абалда жеңилдетилиши керек


Болот Жунусов.
Болот Жунусов.

ЕАЭБ аймагындагы чектөөлөр менен тоскоолдуктар, товар жеткирүүдөгү жана миграциялык талаптар азыркыдай кризистик абалда жеңилдетилиши керек. Бул тууралуу пикирин Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.

Мындай чара кризистик абалда биримдиктин бардык өлкөсүнө пайдалуу болорун белгиледи.

“Биз ЕАЭБдин ичиндеги бир аймакта турганыбыз менен мигранттарга талаптар, медициналык кароо, каттоого алуу эрежелерин токтотуш керек. Казакстан чек арадан өткөрбөй жатабы, Орусия фитосанитария тоскоолдуктары болуп, айыл чарба товарларыбызды кагазы туура эмес деп кайтарып жатабы? Булардын баарын азыркыдай кризис, согуштук учурда токтотуш керек. Эч кандай тоскоолдуксуз иштеп турушубуз керек. Аларга талапты айтышыбыз керек. Абал жөнгөрүлгөндө эрежелер кайра карала берет. Азыркыдай шартта эң женил шарты жаратыш керек”,-деди Болот Жунусов.

27-майда Кыргызстандын төрагалыгы астында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити онлайн өттү. Жыйында президент Садыр Жапаров Кыргызстанга караганда Орусияга Евразия экономикалык биримдигине кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн айыл чарба товарларын жеткирүү тез болуп жатканы, жүк жеткирүүдөгү тоскоолдуктар маселесин көтөрдү.

Өлкө башчысы ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктар жети жылдан берки жолугушуулардын актуалдуу темасы бойдон калып, чек арада түзүлгөн барьер мамилени бузуп, биримдиктин имиджине көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

2021-жылы ЕАЭБга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG