Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:07

Кыргызстан менен Тажикстанда абактагыларды өткөрүп берүү маселеси талкууланды


Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Тажикстандын башкы прокурору Юсуф  Рахмон. 27-май. 2022-жыл. Баткен шаары
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Тажикстандын башкы прокурору Юсуф  Рахмон. 27-май. 2022-жыл. Баткен шаары

27-майда башкы прокурор Курманкул Зулушев Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон менен Баткен шаарында өткөн жолугушууда соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн өткөрүп берүү, чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо маселесин талкуулашканын Башкы прокуратурадан кабарлады.

Жолугушууга коңшулаш эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын тиешелүү өкүлдөрү, чектеш райондордун, шаарлардын жана облустардын прокурорлору катышты.

Тараптар Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эки мамлекеттин чектеш аймактарынын прокурорлорунун ортосунда түздөн-түз жумушчу байланыштарды чыңдоо зарыл экендигин белгилешти.

Кыргызстанда ондогон тажикстандыктар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен соттолгон. Ушу тапта канча тажикстандык абакта отурганы белгисиз. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалга катышкан деген айып тагылган.

Ошол эле кезде кошуна мамлекетте камакта жаткан кыргызстандыктар да бар. Тажикстандын Согд облусунда 2021-жылы 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон. Апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон. Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан бир кыргызстандык жаран каза болгон.

6-7-май күндөрү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, ал жактагы абактарда жаткан төрт кыргызстандык жарандан кабар алып, жакындары менен видео байланыш уюштурган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжал чыгып турат. Өткөн жылы 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Мындан кийин кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде Тажикстан менен чек ара бир тараптуу жабылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG