Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Жашы жете элек кызга тийишкен кишини үй камагына чыгарган судья төрагалыктан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жашы жете элек кызга тийишкен адамды үй камагына чыгарган Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков өз арызынын негизинде жетекчилик кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 27-майда билдирди.

Судья өзүнүн чыгарган чечими жабырлануучунун жаш курагы жана айыпталуучунун аракети боюнча коомдук резонанс жаратканын, сот системасын сындаган билдирүүлөрдөн улам кызматтан кетүү арызын жазганын айткан.

Буга чейин социалдык тармакта дүкөнгө келген адам жашы жете элек кызга тийишип жаткан видео тараган. Кыздын жакындары ал киши буга чейин да кызга тийишип жүргөнү үчүн милицияга кайрылганын билдиришкен.

Бирок айыпталуучуну Москва райондук сотунун судьясы Арстанбек Аскарбеков үй камагына чыгарып жиберген. Прокуратура бул чечимге каршы даттанганы менен, бул иш соттун кароосуна жиберилгенине байланыштуу каралган эмес.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында алардын 264ү балдар экенин билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG