Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

“Саякбай and Beatles” Евразия кинофестивалында мыкты даректүү тасма деп табылды


ТИМ тараткан сүрөт. Солдо Кыргызстандын Улуу Британиягы элчиси Улан Жусупов.
ТИМ тараткан сүрөт. Солдо Кыргызстандын Улуу Британиягы элчиси Улан Жусупов.

19-25-майда Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү кинофестиваль өттү. Бул иш-чара евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти жана маданият ишмери Тынай Ибрагимовдун “Саякбай жана Битлз” аттуу эмгеги кинофестивалдын “Мыкты даректүү тасма” номинациясын жеңди.

Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча "Көрүүчүлөрдүн тандоо сыйлыгы" аттуу номинациясын режиссёр Виктория Архангельскаянын "Жаңыртуу" тасмасы алды.

Кинофестивалда Кыргызстандан мындан башка Борбор Азиядагы Америка университеттин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын дебюттук кыска метраждуу "Кадамдар" деген тасмасы да көрсөтүлдү.

Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимация категориялары боюнча 50дөн ашык тасма көрсөтүлгөн. Евразия кинофестивалынын тасмаларынын арасында Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, АКШ, Израил, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин эмгектери тартууланган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG