Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Нуржамал: Кытайда жолдошум ырдоого тыюу салган


Ырчы Нуржамал Турган кызы.
Ырчы Нуржамал Турган кызы.

Кытайлык кыргыз, ырчы Нуржамал Турган кызы мекен, сезим темасындагы ырлардан сырткары социалдык темадагы чыгармаларды аткарып жүрөт. Арасында жалгыз бой айымдардын түйшүгүн баяндаган да ырлары бар.

- Кепти алгач сизди тарыхый мекениңизге алып келген чыйыр жолдон баштасак.

- Кыргызстанга алгач ирет 2008-жылдары келип, үй-бүлөм менен Ош шаарында бир аз жашагам. 2015-жылы биротоло көчүп келдим.

- Чыгармачылыкка Бишкекке келгенден кийин гана аралаштыңызбы?

- Кытайда жүргөндө эле ырдап жүрчүмүн. Үрүмчүдө телеканалдарга чейин чакырып тартышкан. Ортодо турмушка чыгып, жолдошум чыгармачылыгыма тыюу салганы үчүн ырдабай калгам. Бала-чакалуу болгондон кийин жолдошум экөөбүз эки ажырым жолго түштүк. Аялзаты жолдошу менен бир өмүр жашайм дегенде гана көп бала төрөйт. Аларды атасыз калтыргысы келбейт. Бирок тагдырыбыз ушул экен. Анан мен Кыргызстанга келип, минтип кайрадан чыгармачылыгымды уланттым. Ушул жол менен гана жашоодо жоготкон бир нерсемди тапчудай туюлуп турат.

- Өнөр адамдарынын чыгармачылыгына кимдир бирөө бөгөт койсо оор эле тийсе керек...

- Жолдошум дин жолунда жүргөн адам эле. Ал тыюу салгандан кийин “бул анын тыюусу эмес, ислам дининин принциби” деп туура эле кабылдап, жоолук салындым. Анан бала, жар деп үй-бүлө үчүн жакшы эле эмгек өтөдүм. Жолдошум экөөбүз эки улуттун өкүлү элек. Мамлекеттердин мамилеси солгундашы биздин да үй-бүлөгө кедергисин тийгизди. Үйдө уруш-талаш көбөйдү. Балдар кыйналбасын деп, эки жолго түштүк. Болгону 4-5 жыл бирге түтүн булаттык. Кийин деле ислам дининин эрежелери менен жашоомду уланта бердим. Бирок Кытайдагы саясатка байланыштуу жоолукту чечүүгө туура келди.

Нуржамал Турган кызынын "Салам айтам сагынычтуу ырлардан" аттуу чыгамарчылык кечеси.
Нуржамал Турган кызынын "Салам айтам сагынычтуу ырлардан" аттуу чыгамарчылык кечеси.

- Ыр кечеде жалгыз бой айымдар тууралуу да ырдадыңыз. Бул ыр сиздин тагдырыңызды баяндаганы үчүн эле аткарып чыктыңызбы же дегеле коомдогу жалгыз бой энелердин түйшүгүн айткыңыз келдиби?

- Өзүмдүн жашоом менен кошо эле мен сыяктуу тагдырга туш болгондордун да жашоосун ырга салгым келди. Себеби өзүм да жалгыз бой эненин колунда өскөм. Атам кичинемде эле өтүп кеткен. Апам төрт баласын канатына калкалап, сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун аткарып, жакшы эле түйшүк тартты. Анан мен да минтип апама тагдырлаш болуп калдым. Төрт кызым бар. Жалгыз бой айымдарды коом аябайт. Муну өзүмдөн эле эмес, чөйрөмдөн деле баамдайм. Кытайда, Кыргызстанда эле эмес дегеле дүйнө жүзүндө ошондой экен. Аларга дем-күч болобу деген максатта ушундай ыр жаздырууну чечтим. Оюмду белгилүү ырчы Султан Садыралиевге айтып, ыр жазып беришин өтүндүм. Ал тагдырымды туура түшүнүп, бат эле жазып берди.

- Жалгыз бой айымдардын эмне көйгөйлөрү ойлондурат?

- Балдарга тарбия берчү атасы да, энеси да бар үй-бүлөнү бактылуу деп ойлойм, ал эми ызы-чуу көп болгон үй-бүлөдө бала көп жабыркайт эмеспи. Ошондуктан айрымдар балдарымды тынч тарбиялайын деген ой менен ажырашууга барат. Бирок азыр Кыргызстанда эле эмес жалпы дүйнөдө көпчүлүгү үй-бүлө жоопкерчилигин жеңил ойлоп, кайдыгер мамиле кылып жатышкандай. Мырзалар мырзалыгынан тайбай, аялдарга аяр мамиле кылып, аларды коргоп турганы кандай жакшы. Албетте эркектин баары эле бирдей эмес, жакшы эркектер да көп. Андай эркектердин жары жакшы чыкпай калган учурлар да болот. Баары бир Кудайдан жакшылык тилей бериш керек.

Нуржамал Турган кызынын "Салам айтам сагынычтуу ырлардан" аттуу чыгамарчылык кечесинде жаш актерлор 1916-жылкы Үркүндөгү көрүнүштөрдү аткарышты.
Нуржамал Турган кызынын "Салам айтам сагынычтуу ырлардан" аттуу чыгамарчылык кечесинде жаш актерлор 1916-жылкы Үркүндөгү көрүнүштөрдү аткарышты.

- Кыргызстанга келгенден кийин кандай учурлар сизге тааныш болду да кайсы учурлар жат болду?

- Биринчи жолу Бишкек шаарына учуп келип, “Манас” аэропортуна конгондо эгемен Кыргызстандын бар экени абдан толкундаткан. Учактан түшүп шаарга келгенде да дароо туугандардын үйүнө барбастан “Ала-Тоо” аянтына Манас атанын эстелигин, желбиреген кызыл тууну көрүү үчүн баргам. Кыргыз тилиндеги Гимнди угуу да керемет сезим тартуулады. Биз эми кичине кезден Кытайдын саясаты, идеологиясы менен чоңойдук да. Кыргыз президенти кыргызча сүйлөп турса да жагымдуу угулган. Келгенде эле Кыргызстанды Мекен катары кабыл алдым. Себеби башка мамлекетте чоңойсок да, тилибизди унутпай чоңойдук. Мен дагы бир нерсеге ыраазы болом. Той-топурга же концерттерде ырдап калганда “Кытайлык кыргыз ырчы” деп тааныштырганда эле отурган эл кол чаап колдоп, жакшы кабыл алат. Ал эми кыргыз элимдин жалкоолугу мага өөн учурады. Кытайда "убакыт – акча" деген сөз бар. Ошол тарбия менен чоңойдук биз. Анан да кыргыздардын баары эле саясаттан сүйлөшкөнү өөн учурады. Кыргызстан кен байлыктарга бай. Баары эле саясатчы болуп кеткенден көрө геолог, инженер, профессор, догдур болуп, келечекте билимдүү жаштарыбыз өлкөнү өнүктүрсө деген тилегим бар.

- Ыр дүйнөсүнө болгон алгачкы таасирлериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Чыгармачылыгым апамдан өткөн деп ойлойм. Ал да ырга шыктуу. Мен кичинемден кашыкты микрофон кылып ырдап, кыялданып, ар кайсы ырчыларды туурачумун. Кийинчерээк кыргыз ырчыларынын ыры бизге жайыла баштаганда Гүлнур Сатылгановага көп таасирлендим. Видеодисктерден аны көрүп, ар бир кыймылын туурай берчүмүн.

Нуржамал Турган кызынын чыгармачыл адам болуп калышына КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганова да себеп болгон.
Нуржамал Турган кызынын чыгармачыл адам болуп калышына КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганова да себеп болгон.

- Жакын арада уюштурган чыгармачыл кечеңизге белгилүү өнөр адамдары келип куттуктап, ырдап кетишти. Жергиликтүү ырчылар менен байланыш кантип күчөп калды, алар кандайча колдоо көрсөттү?

- Кыргызстанга келгенден бери концерт уюштрууну деле максат кыла элек элем. Бирок филармониядан, студиялардан ыр жаздырып, жакшы ырларды топтоп жүргөм. Ошондой учурларда ырчы ага-эжелердин айрымдары менен алака түзө баштадым. Айрымдарынан вокалдан сабак алып, айрымдарынын ырын аткарып жүргөм. Анан концерт берейин десем, көпчүлүгү “алыстан келген мейман”, “боордош” деп колдоп беришти. Учурдан пайдаланып алардын баарына ыраазычылык билдиргим келет.

- Азыр жарандык алдыңызбы?

- Азырынча ала элекмин, балдарымды бул жакка алып келип алгандан кийин алам буюрса. Кыздарым азыр Кытайда, таенесинин колунда. Улуусу 15, кичүүсү 10 жашта. Үч иним бар, алардын баары ишкер. Алар Ички Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстанга товар сатып иштейт.

- Кыргызстанда жүргөн кытайлык кыргыздардын айрымдары ал жактагы жакындары менен байланышуу оор дешчү эле. Сизде байланышууда кыйынчылыктар жокпу?

- Жок, видеочалуу менен сүйлөшүп турабыз.

Нуржамал Турган кызы ырчылыктан сырткары Кытайдын мамлекеттик корпорацияларынын биринде витеминдер, пайдалуу азыктар багытында иштейт.
Нуржамал Турган кызы ырчылыктан сырткары Кытайдын мамлекеттик корпорацияларынын биринде витеминдер, пайдалуу азыктар багытында иштейт.

- Эң кызыгы биз азыр ыр жаздырган студияда эмес же болбосо чыгармачыл жайда эмес дары-дармектер менен иш алып барган жерде маектешип отурабыз. Бул кызматыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

- Мен Бишкекке көчүп келгенден бери эле Кытайдын мамлекеттик корпорацияларынын биринин Кыргызстандагы өкүлүмүн. Бул корпорация пайдалуу азык, витаминдер менен иштейт. Ал витаминдер иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Айтор мен чыгармачылыктан сырткары эмгектенип жаткан корпорация адамдарга ден соолук тартуулап, жумуш менен да камсыздайт. Азыр адамга акча табуу маанилүү да. Айрыкча, чыгармачылык өтө татаал жол, ага көп акча сарпташ керек. Кыскасын айтканда, өзүмө өзүм демөөрчүмүн. Пандемиядан кийин эл ден соолук башкы байлык экенин туйду. Оорунун айынан канчалаган жакшы инсандарды жоготуп жатабыз. Бизде ооругандан кийин гана догдурга барып, кредитке дары-дармек алгандар бар. Андан көрө башынан эле ден соолукка кам көрүү кажет. Кытайда биринчи орунга ден соолукту коюшат. Андан кийин гана башка жумуштарды пландаштырышат. Кыргызстанда да ушуга маани берилсе жакшы болмок.

Нуржамал Турган кызы 1982-жылы 20-декабрда Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат районунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң Кытайдагы Хунань провинциясындагы Хунань университетинде анлгис тили багытында билим алган.

Репертуарында 40ка жакын ырлары бар. Анын ичинде ал кытайлык кыргыздардын гимнине айланган, Мамбеттурду Мамбетакундун сөзүнө, Мамбетжума Мамбетакундун обонуна таандык айтылуу “Биз” аттуу ырын аткарып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG