Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити өтүп жатат


Кыргызстандын төрагалыгы астында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити онлайн башталды. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекке келбей турганы белгилүү болгон.

Буга чейин коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде жалпысынан 14 маселе бар экенин маалымдаган.

Жыйынга төрагалык кылып жаткан президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин аймагынын ичинде товар жеткирүүдөгү тоскоолдуктарга, улуттук валюта менен эсептешүү маселелерине токтолду.

Саммитти утурлай 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны онлайн өттү. Ага Орусиянын президенти, Армения менен Беларустун премьер-министрлери видео байланыш аркылуу, ал эми ошол күнү Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде катышкан.

2021-жылы ЕАЭБга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

XS
SM
MD
LG