Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Өндүрүш Токтонасыровдон орусча сүйлөөнү талап кылган сот тартип жазасына тартылды


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдон кыргызча сүйлөгөнү үчүн көрсөтмө албаган Биринчи май райондук сотунун судьясы Таалайбек Турсунбековго тартиптик жаза колдонулуп, эскертүү берилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңеши бул маселени Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунуштамасынын негизинде караган. Кеңеш кыргыз тилинде көрсөтмө берүү сот отурумунун катышуучусунун укугу экенин белгиледи.

Судья Таалайбек Турсунбеков Баткен облусунун Кадамжай районуна которулган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгып, аларды милиция кармап кеткен.

18-мартта Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Динара Ошурахунованын иши каралып, судья күбөлөр Өндүрүш Токтонасыров менен Азиза Абдирасуловадан орусча көрсөтмө берүүнү талап кылган. Бирок алар кыргызча көрсөтмө бере турганын айтып, жыйынтыгында судья кыргызча сүйлөөгө уруксат берген.

Укук коргоочуларга 3 миң сомдон айып пул салынып, кийин сот чечимдери жокко чыккан.

Мындай айып аларга Орусиянын элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы акция өткөргөндө “милициянын талабына баш ийген жок” деген негизде тагылган. Бул маселе Жогоку Кеңеште дагы көтөрүлүп, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев маселе Судьялар кеңешинде караларын айткан болчу.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG