Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

HRW тажик бийлигин Тоолуу Бадахшандагы куугунтукту токтотууга чакырды


Тоолуу Бадахшандагы каршылык акциясына каршы чыккандар.
Тоолуу Бадахшандагы каршылык акциясына каршы чыккандар.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын президентин Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жакында эле өткөн каршылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоодон алыс болууга чакырды.

"Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек. Андан тышкары тажик бийлиги Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларына байланыштуу ачылган кылмыш иштерин токтотушу абзел", - деди 26-майда уюмдун өкүлү Сыйнат Султаналиева.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды.

"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары өлгөндөрдүн саны 20дан ашканын, дагы ондогон кишилер дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө.

Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров 22-майда Хорог шаарында өлтүрүлгөн.
Тоолуу Бадахшандын аймагы өлкөнүн жарымын ээлегени менен калкы 250 миң адамга жетпейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG