Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Тажик телеканалдары тополоңду уюштурууга шектелген журналисттин видеосун көрсөттү


Улфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов
Улфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов

Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башаламандыктарды уюштурууга шектелип кармалган журналист Улфатхоним Мамадшоеванын жана анын мурдагы күйөөсү, генерал Холбаш Холбашовдун “күнөөсүн моюнуна алган” видеосун көрсөттү.

“Точикистон” телеканалы көрсөткөн тасмада Мамадшоева менен Холбашов алар тополоңдорду уюштурууга тиешеси бар экенин, негизги уюштуруучу Мамадбокир Мамадбокиров болгонун айтышкан.

Видео кандай жагдайда жаздырылганы белгисиз. Алар экөө тең буга чейинки билдирүүлөрүндө нааразылык акцияларын уюштурууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келишкен.

“Тажикстандын улуттук альянсы” оппозициялык кыймылынын жетекчисинин орун басары, теги бадахшандык, азыр Польшада жашаган Алим Шерзамонов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде Мамадшоева менен Холбашовду кыйноо менен күнөөсүн моюнуна алдырышканын айтты.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды.

"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары өлгөндөрдүн саны 20дан ашканын, дагы ондогон кишилер дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө.

Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров 22-майда Хорог шаарында өлтүрүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG