Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Окуучу кызды сабаган мугалим боюнча комиссия түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тасма боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия окуяны 26-майда териштирип, чечим кабыл алат.

Мугалим сабады деген окуялар буга чейин дагы болуп келген. Алардын бири Бишкекте да катталып, тергөөнүн жүрүшүн акыйкатчы өз көзөмөлүнө алган.

Өткөн жылы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында мугалим сабаган 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG