Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:16

Сот “Кумтөргө” коюлган миллиардаган доону жокко чыгарды


Кумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды. Ушуну менен кыргыз соттору бир айдын ичинде “Кумтөр Голд” ишканасынын пайдасына эки чечим кабыл алды. Апрелдин аягында эле Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган адамдардын кен казган компанияга кенемте төлөтүү арызын канааттандырган эмес.

Миллиардаган доонун төркүнү

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыпты жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызды 24-майда карады. Жыйынтыгында шаардык сот “Центерра Голд” компаниясынын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, “Кумтөр Голд Компаниге” 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөтүү тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

“Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 24-майындагы чечими менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 7-майындагы чечими жокко чыгарылып, жаңы чечим кабыл алынды. Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө калдыктарды сактоо боюнча аракеттерди мыйзамсыз деп таануу жана анын суммасын мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча “Кумтөр Голд Компаниге” каршы арыз канааттандыруусуз калтырылды. Чечим Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн”, - деп айтылат шаардык соттун маалыматында.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан канадалык “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Демек, соттук доолордон баш тартуу боюнча чечим эки тараптуу келишимдин бирден-бир негизги шарты. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган экологиялык доо боюнча чечимди сот кабыл алганын айтууда.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Эки тараптуу келишим болгон күндө да соттордун ишине эч ким кийлигише албайт да. Соттор чыгарган чечимдерине өздөрү жооп бериши керек. Ал туура болобу же туура эмес болобу, тарых алдында чечим кабыл алгандар жооп берет. Кумтөр кенинин ичинде болуп жаткан иштер боюнча ар кандай сөздөр бар. Аны убагында отчёт алганда сурайбыз. Өндүрүш токтобой иштеп атканына караганда жакшыдай эле көрүнүп атат”.

Чагылгандай тездик менен бүткөн сот

“Кумтөр Голд Компани” ишканасына каршы сотко арызданган жарандык активисттердин бири Наристе Калчаев экологияга байланыштуу соттук жараян чагылгандай тездик менен бир эле күндө бүткөнүн сынга алды. Ал шаардык сотко жаңы гана ротация болуп келген судьялар Салтанат Бектемирова, Медер Жаныбеков, Гүлназ Кадыровадан турган соттук коллегия иш менен толук таанышып чыкпаганын айтууда. Активист ушундан улам чечим бийликтин кийлигишүүсү менен кабыл алынды деп эсептейт.

“Кумтөрдүн ишин иликтеген үч комиссиянын тең отчётуна келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү киргизилип, ага жол бергендердин аты-жөнү кошулган. Аларды жоопко тартуу керектигин убагында президент Садыр Жапаров да айткан. Ал 2017-жылы Кыргызстанга кирерде да “5 млрд. долларды Кыргызстанга кайтарып келүү үчүн эл аралык сотко берем” деген. Президент буга эми кандай жооп берет? Былтыр Кыргызстан Кумтөргө тышкы башкаруу киргизип жатканда Акылбек Жапаров, Тенгиз Бөлтүрүк да “ушул миллиарддаган акчаны кайтарып алышыбыз керек” деп айтышкан. Тилекке каршы, иш аягына чыга электе эле алар соодалашууга барып коюшту”.

2021-жылы жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов “Кумтөр Голд Компаниге” каршы сотко арызданган. Ошол эле жылы 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту активисттердин доосун колдоп, Кумтөр кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн “Кумтөр Голд Компанини” мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары ишкана 1 млрд. 300 млн. сом алым (пошлина) төлөшү керек эле. Райондук соттун бул чечими коомчулукта алкоого алынып, бийлик колдоого татыган. Бирок жыл айланбай экологиялык доо шаардык сотто жокко чыгарылды.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы келтирген экологиялык зыян 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык, Темир Сариев башкарган 2012-жылдагы мамлекеттик комиссиянын да отчётуна киргизилген. Кийин 2021-жылы ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров төрага болгон мамлекеттик комиссия да “Кумтөр Голд Компани” экологияга миллиарддаган сом чыгым алып келген деген жыйынтык чыгарган.

Бир эмес үч чоң комиссиянын отчётуна жазылган экологиялык доонун сот тарабынан жокко чыгарылышы кайчы пикирлерди жаратты. “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону 2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын экологу болгон Динара Кутманова эсептеп чыккан. Ал ушул тапта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

“Экологиялык мыйзам бузуу болгон жана ал эч жакка жок болуп кеткен жок. Мөңгүлөргө таштанды ташталганы бардык отчёттордо жазылып турат. Мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик каралат. Ошондуктан айып салынган. “Центерра Голд” өзү да отчётторунда “биз транспорттук чыгымдарды азайтыш үчүн мөңгүлөргө таштандыны төккөнбүз” деп жазып атат. “Кумтөр Голд Компани” ишканасын “Центерра Голд” башкарып келгендиктен, чыгымды “Центерра Голд” төлөшү керек”.

Сот системасын сынаган чечим

2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген мурдагы премьер-министр Темир Сариев 2021-жылы дал ушул экология маселеси боюнча кармалган. Тергөө “ал экономика министри жана мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Кумтөр кенинин экологияга келтирген зыянын бир канча миллиард сомго төмөндөтүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген” деп айып койгон.

Былтыр жыл аягында бул иш “далил жок” деген негизде кыскартылып, Темир Сариев абактан чыккан. Ал экологиялык доо боюнча соттун чечимин Кумтөр кенине байланыштуу Кыргызстан менен “Центерра Голддун” ортосундагы келишимге байлады.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

“Бул суроонун баарын Динара Кутмановага бериш керек. Көп нерсенин баарын ушул киши баштаган. Соттун чечими боюнча элдин алдында да Динара Кутманова жооп бериши керек. Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” менен келишимге келип, “Кумтөр кени толук Кыргызстанга өтөт” деген келишимдин шарттары аткарылып атат”.

Ушуну менен кыргыз соттору бир айдын ичинде “Кумтөр Голд” ишканасынын пайдасына эки чечим кабыл алды. Апрелдин аягында эле Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган адамдардын кен казган компанияга кенемте төлөтүү арызын канааттандырган эмес.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кенди Кыргызстандын башкаруусунда алып калыш үчүн миллиарддаган сом экологиялык доодон баш тартып, канадалык “Центерра Голд” ишканасын соттон актап чыгуу кооптуу прецедент экенин эскертти.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Бул – Кыргызстанда сот системасы такыр жок экенин, сот бийликтин колундагы көз каранды, кол жоолук система экенин далилдеди. Экинчиден, шаардык соттогу үч судья кийин саясий жактан да, укуктук жактан да бизди экологиялык маселе боюнча эл аралык сотко арыздануу мүмкүнчүлүгүбүздөн толук ажыратты. Кыргызстан мындан ары “Центерра Голд” болобу же башка ишкана болобу эл аралык сотто укугубузду коргой албайбыз”.

Кумтөр кени боюнча талкуу болгондо президент Садыр Жапаров адатта дароо оюн билдирип, социалдык тармактагы баракчаларына билдирүү да жазат. Экологиялык доо тууралуу өлкө башчы азырынча комментарий бере элек.

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын-пикир айтылып келет.

Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG