Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргызстан Кумтөрдүн алтынын кимге сатат?


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

2021-жылы Кумтөрдүн алтынын сатуудан түшкөн пайда 856 млн. долларды түздү. Мунун көп бөлүгү ишканага сырткы башкаруу киргизилгенден кийин келип түшкөн эле. Бирок былтыртан бери төмөнкү эӊ орчундуу суроо жоопсуз кала берүүдө: эгер бийликтегилер айткандай, Кумтөрдүн алтыны бүт бойдон Кыргызстанда калса, аны ким сатып алат?

Так жоопту эч ким билбейт. Мамлекеттин биринчи кишилери гана билишет, бирок өлкөдөгү эӊ ири, азыр мамлекеттик болуп калган ишкананын иш жагдайын ачыкка чыгарбай келишет.

Маалыматты Centerra Gold Inc. менен Кумтөр боюнча түзүлгөн макулдашууну колдоп добуш берген депутаттардын да мындан кабары жок. Кумтөр алтынынын тагдырын билиши ыктымал болгон расмий жактар түшүндүрмө берүүдөн баш тартып келишет. Өлкөнүн алтыны каякка сатылып жатат деген жөнөкөй эле суроо мамлекеттик деӊгээлдеги сырга айланды.

КАРДАР БАР

18-январда министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКнын 2021-жыл үчүн отчёту бекитилгени жөнүндө билдирүүнү таратты. Анда өткөн жылы Кумтөр кенинен 14 миӊ 561 кг алтын казып алынган, алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. долларды түздү деп айтылат. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынганы – 621 млн. доллар. Кийинчерээк сайттын ошол бети алып салынды.

Он күн өткөн соӊ өкмөт башка билдирүүнү жарыялады, анда Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын баары “республиканын аймагында жана менчигинде калат” деп белгиленген. Бул жарыя да азыр шилтемеден ачылбай калды.
8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде Кумтөрдөн алынуучу өнүм Кыргызстанда калат деп тастыктады, бирок чоо-жайын айкын айтпады.

“Биз мунун баарын юридикалык жол-жоболор аяктаган соӊ баарын ачык айтып беребиз. Алтын бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын аймагында калууда. Биз мүмкүнчүлүккө жараша алтынды сатып алып жатабыз", - деп, кырдаалды ого бетер чаташтырып салды.

“Кумтөр Голд Компанинин” басма сөз кызматындагылар “Азаттыкка” компаниянын милдети – металлды казып алуу гана, анын алтынды сатууга эч кандай тиешеси жок деп беришти.

“Кумтөр” кениндеги өндүрүштүн соӊку өнүмү – Доре куймалары, аларды Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводунда кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК сатып алат. “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда ушундай каралган. Тазартылган алтынды жана күмүштү сатуу укугу Кыргызстанда жана анын чегинен тышкарыда бир гана “Кыргызалтын” ААКына таандык”, - деп тактап айтылган “Кумтөрдүн” сайтында.

Умбеталы Кыдыралиев.
Умбеталы Кыдыралиев.

“Кыргызалтын” ААКсы менен байланышууга жасаган аракетибизден эч майнап чыкпады. Апта башына чейин бул компанияны жетектеп келген Умбеталы Кыдыралиев түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Суроону укканда, “Мен шаарда эмесмин, жайлоодо жүрөм. Телефон жакшы тартпайт”, - деп, өчүрүп койду.

Маалымат берүүдөн жакынкы мезгилге чейин эле “Кумтөрдү” ээлеп келген канадалык Centerra Gold Inc. да качып жатат. “Центеррадагылар” “Кумтөр” ишканасы боюнча компаниянын расмий пресс-релизинде жазылгандан башка эч кандай сөз айтпайбыз дешти.

Кумтөр алтынын сатып алышы ыктымал кардар деп эксперттер өлкөнүн алтын-валюта корун өстүрүшү мүмкүн болгон Улуттук банкты айтышты. Бирок анын жөнгө салгычындагылар “Азаттыктын” суроо-талабына жооп иретинде маалыматты төгүндөп коюшту.

“Алтын-валюта корун толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү алтын өндүрүүчүлөр сунуштаган алтынды улуттук гана акчага дайыма сатып алып турат. Бул операциялар алтын өндүрүүчү ишканалар менен Улуттук банктын ортосундагы башкы макулдашуулардын негизинде гана жүзөгө ашырылат. “Кумтөр Голд Компани” менен Улуттук банк ортосунда келишим түзүлгөн эмес”, - деп айтылат мекеменин жообунда.

Кумтөр – Кыргызстандагы жыл сайын 14-17 тонна алтын казылуучу эӊ ири кен.
Улуттук банктын бюллетенинде жазылгандай, 2021-жылы эл аралык корлордогу алтындын наркы январдагы 999,6 млн. доллардан ноябрда 522,4 млн. долларга кыскарган. Алтындын заттык көлөмү 539,3 миӊден 292,5 миӊ трой унцийге чейин азайган. Мурдагы жылдарда Улуттук банк эл аралык корлордогу алтындын көлөмүн өстүрүп гана келген эле.
Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарында алтын экспорту (Кумтөрдүкү эле эмес, бүтүндөй өлкөнүкү) бир жыл мурун 987 млн. доллар болсо, 2021-жылы 308 млн. долларды түзгөн. Заттык түрдө экспортко 2020-жылы 17,6 тонна чыгарылган болсо, былтыр 5,6 тонна эле чыккан.

“ТЕМАНЫ КОЗГОБОГУЛА ДЕП СУРАНГАН”

2021-жылы майда Кумтөрдү мамлекеттик башкарууну киргизүү демилгесин колдоп берген Жогорку Кеӊештин VI чакырылышындагы депутаттар бул кенден алынуучу алтындын тагдыры жөнүндө эч маалымат ала албай коюшту.

Осмон Турдумамбетов.
Осмон Турдумамбетов.

“Эл бул маселеге өтө кызыгат. Кенди өзүбүз иштетип, алтын казып жатабыз. Канча алтын каздык, салыкка канча төлөдүк, канча алтынды каякка сатышты, эгер сатылбаган болсо, каерде сактап жатабыз?” – деп суроо коёт депутат Осмон Турдумамбетов.

Кырдаалды “Центеррадан” бөлүнүү шарттарын жабык тартипте Министерлер кабинети менен биргеликте талкуулап, бир аз убактан кийин ошондогу чечимди колдоп койгон VI чакырылыштагы депутаттар да билбейт. Депутат Жеӊишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго бир нече ирет кайрылганын 10-февралдагы отурумда айтты.

Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

“Мен канча алтын өндүрүлгөнү, канчасы сатылганы, канчасы кампада сакталып турары, дагы канчасы Улуттук банкта экени жөнүндө маалымат алмакчы болдум эле. Бирок жооп жок. Мен шек санай баштадым. Эмне үчүн суроолорго жооп беришпейт? Демек, кандайдыр бир маселе бар, депутаттардан, элден жашырган маалымат бар”, - деп санаасын айтты депутат.

Парламенттеги отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев “Азаттыкка” берген маегинде өкмөт башчысы “Центерра” менен сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин Кумтөр алтыны жөнүндөгү теманы козгобой коё тургула деп суранганын билдирди.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Комитеттеги талкуу учурунда мен алтынды кимге сатып жатасыӊар деп сурадым. Бул маалымат жашыруун дешти. Алтын кимге сатылып жатканын биз билбейбиз. Министрлер кабинетинин башчысы сүйлөшүүлөр бүтмөйүнчө маалыматты ачыкка чыгара албайбыз деди. Ал эгер элдин кызыкчылыгын ойлосоӊор, бул теманы козгобой коё тургула деп мекенчилдикке чакырууга аракет кылды. Кеп алтындын сыртка ташылып же ташылбай жатканында эмес. Сатылып жатса, сыртка чыгарылат да, туурабы? Балким, акысын азыр төлөп, алтынды кийинчерээк алып кетишет, бирок эч ким так айта албайт”, - деп ой жүгүрттү депутат.

19-апрелде отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин мүчөлөрү кенге бармакчы. Алар алтындын сатылышы жана кардарлары жөнүндө кандайдыр бир маалымат алууга үмүттөнүп турушат.

Көп жылдардан бери Кумтөргө байланышкан кырдаалды иликтеп келаткан журналист Айданбек Акмат уулу өлкөдөгү эӊ ири ишкана жөнүндө маалыматтын мааниси зор экенин эскертет.

“Ачык-айкындык болушу керек. Бирок маалымат Жогорку Кеӊеште да жок болуп жатпайбы. Кумтөрдүн алтыны эмне болуп, каякка сатылып жатканы тууралуу толук маалыматты жок дегенде парламент билиши керек эле. “Центерранын” тушунда чейрек сайын кендин ишмердиги жөнүндө отчёттор жарыяланып турчу, азыр, тилекке каршы, бул жок. Алар берилип жаткан үзүк-жулук маалымат көбүнчө бири-бирине каршы келип калууда”, - деп нааразылыгын айтты ал.

БИРЖАГА КАЙТУУ

2021-жылы сентябрда Лондондогу баалуу металл базарларынын ассоциациясы (LBMA) Кумтөрдүн бүтүндөй алтынын экспорттоп келген “Кыргызалтын” ААКын өзүнүн ишенимдүү өнөктөрүнүн тизмесинен чыгарып салды. Мунун себебин жооптуу камдоонун талаптарын сактабагандыгы үчүн деп түшүндүрүштү. LBMA баалуу металл өндүрүүчүлөрдүн эӊ абройлуу аккредиттелген мекемеси деп эсептелет. Ага мүчө болуу камдоочунун өнүмүнүн толугу менен ишеничтүү экенин билдирет.

“Кыргызалтын” ААКнын Кара-Балта шаарында жайгашкан аффинаж заводу LBMA стандарттары боюнча сертификациядан 2017-жылы өткөн.

13-апрелде Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов LBMA’нын аткаруучу деректири жана башкы юристи Сахила Мирза менен жолукту. Анда негизинен Кыргызстанды ассоциациянын ишенимдүү камдоочулар тизмесине киргизүү жөнүндө сөз болду.

Элчи “Кыргызалтын” ассоциациянын ченемдери жана стандарттары боюнча бардык талаптар менен чараларды аткарып жатканын билдирди. Кыргыз тарап мындан ары “эрежелерди катуу сактап, зарыл мөөнөттө жол-жоболорду аткарып турат” деп ишенимдүү айтты..
Сахила Мирза кыргыз тараптын “келип чыккан маселелерди чечүү боюнча” көргөн аракеттери үчүн алкыш айтып, Кыргызстан “ишенимдүү камдоочулардын тизмесине болгон ишеничти бекемдөөгө олуттуу салым кошот” деп үмүттөнөрүн билдирди. Жолугушуунун конкреттүү жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериле элек.

Акылбек Жапаров журналисттерди Кумтөр боюнча “Центерра” менен болгон мамилеге тиешелүү юридикалык жол-жоболордун баары аяктаганга чейин күтө турууга чакырып, ошондон кийин зарыл маалыматтардын баарын берүүгө убада кылды. Анын айтканына караганда, Кыргызстан өзүнүн алтынын демейки тартипте экспорттой берет экен, LBMA менен сүйлөшүүлөрдү да дээрлик бүтүрүптүр.

“Апрель жана май айларында бардык маселелер чечилет. Алтынды эл аралык биржаларда сатуу үчүн LBMA’дан лейбл (фирмалык белги) алынат. Бул жагы толугу менен чечилди. Эми саясий суроолор аягына чыккандан кийин биз алтынды дүйнөнүн каалагандай жерине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз – чектөөлөрдүн баары алып салынат. Биз өз ара дооматтардын баарынан баш тарталы деп келиштик”, - деди ал “Азаттыкка” берген маегинде.

“ПАЙДАНЫ КӨБӨЙТӨБҮЗ”

Кумтөрдүн алтыны боюнча маалыматтын ордун өлкөнүн бийлик башындагылар кенден түшкөн кирешени эселеп арттырабыз деген убада менен толуктап жатышат. Президент Садыр Жапаров Кумтөрдү иштетүү мөөнөтүн 20 жылга чейин узартуу планы жөнүндө айтты, бирок бир жарым жыл мурун кенде эчтеке калган жок деген болчу.
“Кен азыр жок эле дегенде 3 млрд долларга баалангыдай. Адистердин эсеби боюнча жакынкы 10 жылда биз Кумтөрдөн 160-200 тонна алтын казып, 5 млрд доллар пайда алабыз. Бул бюджетке тикелей пайда жана чоӊ көмөк болот. бул тастыкталган жана кепилденген камдар гана. Бирок ал жерде башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жагын айтпай коё турайын. Ал жерде өтө чоӊ байлык бар экенин, Кумтөр элибизге дагы көп пайда алып келерине гана ишендирип кетким келет”, - деди мамлекет башчы Centerra Gold Inc. менен келишимдин түзүлгөндүгү боюнча өзүнүн кайрылуусунда.

Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.
Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

Өкмөт кенди өз алдынча иштетүүдөн анын кирешеси кыйла жогорулайт деп үмүттөнүүдө.

“Биз алтындын наркын унциясына 1829 доллардан деп эсептедик. Эгер баа ушундай турса, быйыл салыктан тышкары 500 млн. таза киреше алабыз деп турабыз. Ал эми өткөн 20 жыл аралыгында 85 млн. доллар гана түшкөн эле”, - дейт Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинети менен канадалыктардын Centerra Gold Inc. Компаниясынын ортосунда 4-апрелде кол коюлган келишимди бийликтегилер Кыргызстандын жеӊиши деп баалашты.

Келишимдин шартына ылайык, Кыргызстан “Центеррадагы” өзүнүн акцияларынын 26 %ын берип, Кумтөрдүн бирден бир ээси болуп калат. Тараптар бардык дооматтардан жана соттук териштирүүлөрдөн баш тартат. өткөн жылдын 15-майынан берки таза пайда Кыргызстандын менчиги болот. бул 323 миллион долларды түзөт.
Мындан тышкары, “Центерра” Кыргызстанга 2021-жылдын үч чейреги үчүн 11 миллион долларлык дивиденд төлөйт, муну менен катар 50 миллион долларды бир жолку төлөм катары берет. Жерди калыбына келтирүү фонду (53 миллион доллар) да Кыргызстандын көзөмөлүнө өтөт. Бул каражат Лондондогу траст эсепте сакталууда.

Макаланы кыргызчага Жолдош Турдубаев которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG