Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

Кумтөр: оппозиция келишимден баш тартууга чакырды


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Оппозиция бийликти Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырды. Бишкекте "Бириккен демократиялык кыймыл" өткөргөн жыйында Кумтөр боюнча түзүлгөн жаңы келишимге ылайык Кыргызстандын "Центерра Голддогу" акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганы утулуш катары бааланды.

Бийлик канадалык компания менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин баары апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачыларын айтууда.

Апрелдин башында “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлуп, президент Садыр Жапаров Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялаган.

13-апрелде Бишкекте "Бириккен демократиялык кыймыл" уюштурган "Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык коркунучтар" деп аталган жыйында кен боюнча "Центерра Голд" менен келишимден баш тартууга мүмкүн экени айтылып, Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө атайын кайрылуу даярдалды.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын "Центерра Голддун" акцияларынан баш тартып, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш катары эсептешүүдө.

Коомдук ишмер жана экс-депутат Ишенбай Кадырбеков Кыргызстан Кумтөргө тышкы башкаруу киргизгенде ката кетирген деген ойдо.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

"Кыргызстан өзүбүз башкарабыз дегенде "Центерра" 26,1% акцияңарды бизге кайтарып бергиле дейт. Анын баасы 778 млн. доллар. Ошону бергиле, анын ордуна компенсация катары 11 млн. доллар төлөп беребиз деп жатат. "Утуш" мына ушунда. Эч болбоду дегенде дивиденд алсакчы. Келишимдин негизинде Кыргызстанга эң чоң доо кетирген мына ушул".

Кадырбековдун пикиринде, Кыргызстан кенди мыйзамдуу жол менен алууну тандашы керек болчу. Ал оболу "Центеррадагы" Кыргызстандын акциясын көтөрүп берүүнү талап кылышы керек эле деп эсептейт.

Ал Centerra менен акыркы макулдашууда кыргыз тарап утулганын белгиледи.

Ишенбай Кадырбеков бардык доодон баш тартуу менен келишим түзүүдө экологиялык жана экономикалык тобокелдиктер бар экенин айтты.

""Центерраны" уюштуруп жатканда келишимде алтындын кичирейген өлчөмүн бекитип койгон. Ага биз дагы, алар дагы кол койгон. Акылбек Жапаров (Министрлер кабинетинин төрагасы - ред.) 410 тонна алтынды алганын айтып жатат. Келишимде 180 тоннанын тегерегинде деп көрсөтүлгөн. Демек алар келишимден ашып кетип, 300дөн ашык тоннаны алып жатты да. Биздикилер келишимде көрсөтүлгөндөн ашыгы менен алган алтынды кайтаргыла, андан кийин бара бергиле деп айтса болмок. Юридикалык жактан, келишимдин негизинде укугубуз бар. Ушул жолго эмнеге барган жокпуз? Азыр дагы кеч эмес".


4-апрелде “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлган.

Президент Садыр Жапаров ушул күнү элге кайрылып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялаган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Мындан ары Кумтөр толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык”, - деген Жапаров.

Мындан тышкары, "Центерра" өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгонун, анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөрүн айткан.

Мамлекет башчы “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да берерин, Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү Кыргызстан толук өзүнө кайтарып алганын, мунун эсебинен мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген 53 млн. доллар Кыргызстанга кайтарыларын билдирген.

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган. Компаниянын маалыматына ылайык, "Кыргызалтын" "Центеррадагы" 26 пайыз акциясын өткөрүп берет.

31-мартта "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Анын курамында саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Ишенбай Кадырбековдун белгилешинче, Кыргызстан кол койгон келишимдеги талаптарды аткарбай койсо, макулдашуу күчүн жоготот. Болбосо президент Садыр Жапаров өзү кол койгон документти чакыртып алышы керек.

"Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кыргызстан мындан ары Кумтөрдү кантип иштете турганына кызыкты. Ал эколог, экономист жана юристтер менен ири улуттук жыйын өткөрүүнү сунуштап жатат.

"Азыр башка ыкмага өтөбүз деп жатышат. Ал кандай экенин элге көрсөтүп, экологиялык зыянды айтып берсин. Мөңгүлөр эмне болот? Мурда сындап келаткан экологдор азыр теңирден тескери сүйлөп, мөңгүлөр ансыз деле эрип жатат, ага Кумтөрдүн тиешеси жок деп айта баштады".


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин баары апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачыларын айтууда. Бул үчүн алгач саясий маселелер аягына чыгышы керек. Ал рекультивациялык фонддогу 53 млн. доллар Кыргызстандагы банктарга депозит катары салына турганын кошумчалаган. Каражат качан Кыргызстанга кайтарылары айтыла элек.

Акылбек Жапаров Кумтөрдө башкаруу ачык болорун, башкаруу системаларынын баары эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлө турганын билдирди.

"Жыл сайын эл аралык аудит биринчи бештиктин деңгээлинде жүрүп турат. Биз өзүнчө мыйзам кабыл алып, ошол жерге сөзсүз кесипкөйлөр барсын деп жатабыз. Бирөө бензин, бирөө акиташ киргизем дейт. Бүгүнкү күнгө чейин президент дагы, мен дагы бир кишини киргиз же ушул компаниядан ал деген жерибиз жок. Булар өздөрү тендер өткөрүп жатат. Албетте имиш, ушактар көп. Мындан ары башкаруу ачык, таптаза болушу керек".

Экология маселелерине токтолгон өкмөт башчы Кыргызстан биринчи инстанциядан жеңгенин, парламент менен макулдашып президентке жакын арада сунуш киргизиле турганын билдирген.

Саясатчы Бектур Асанов келишимдеги тобокелдиктерге токтолду.

"4 млрд. долларлык экологиядагы көйгөйлөр биздин моюнубузда калып жатат. Бул чоң маселе. Кыргызстандын "Центеррадагы" акциясын берип койгонго макул болбош керек. Керек болсо бул жерде эл аралык уюмдар, БУУнун катышуусу менен изилдөө жүргүзүү зарыл. Бүгүнкү жыйында дүйнөлүк тажрыйбада ушундай мисалдар бар экени айтылды. Биз мамлекет, келечек муундун алдында мындай катачылыкка жол бербешибиз керек. 90-жылдардын башында, 2003-2009-жылдардагы келишимде Кыргызстан эбегейсиз утулган. Ошондой болбосун деп жатабыз. Бийлик түбөлүк эмес, кийин жооп берип калышы мүмкүн. Ошондуктан шашпаш керек. Макулдашуунун күчүнө киришине дагы 90 күн бар. Биз курулай сындабай, оош-кыйышын түздөгөнгө сунуш дагы берип жатабыз".

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологияга эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.


“Центерра Голд" компаниясы айыптоолорго макул болбой, кыргыз бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы келишимдин негизинде эки тарап тең бардык доодон баш тартууга тийиш.

Мындан сырткары "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголгонун баш прокурор Курманкул Зулушев билдирген. Анын айтымында, кылмыш иши козголгондордун арасында мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, алты премьер-министр бар. Арасында сегиз адамга айыптоо өкүмү чыккан. Өлкөнүн сыртында жүргөн жети адамдын жана башка шектүүлөрдүн иши тергелип жатат.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан тарта Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев 2021-жылы Кыргызстанга келип, Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинин негизинде атайын кызматка эки ирет көрсөтмө берген.

Мурдагы президент маектеринин биринде ага карата "куугунтук токтотулганын, бардык иштер жабылганын" айткан. Бирок УКМК "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG