Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Экс-премьер-министр Темир Сариев абактан чыкты


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен өзгөрттү.

Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы иш "далил жок" деген негизде кыскартылган. Сариевге карата иш 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча буйрукка байланыштуу "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-ноябрда эркиндикке чыкты.

Мурда Сариевге "Коррупция" беренесинин негизинде айып тагылган болчу.

Сариевдин бөгөт чарасы өзгөрүп, абактан чыкканын Биринчи май райондук соту дагы ырастады. Аталган мекеме мурдагы өкмөт башчы эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулганын билдирди.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Сариев 3-августтан бери камакта жаткан. Ал өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке каккан.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын "Кумтөр иши" боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.

20-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын бул тууралуу билдирүүсү 19-ноябрда сайтына дагы жарыяланды. Centerra Gold Inc. мындай чечимди Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен кабыл алган.

Centerra Gold 19-ноябрдагы отчетунда Кыргызстан тараптан жасалган айрым кадамдар Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин айткан. Компания буга кенди "басып алуу" себеп болгонун белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG