Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Акыйкатчы институту шайлоонун жүрүшүнө мониторинг кыла баштады


Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке шайлоонун жүрүшүнө байкоо сала баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, мониторинг 2021-жылдын 20-ноябрынан 2-декабрына чейин уланып, үч этап менен жүргүзөт. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул максатта бир катар семинарлардан жана онлайн тренингдерден өтүштү.

13 күндүк мониторинг республика боюнча болот. Институттун кызматкерлери шайлоого даярдык жана үгүт иштеринин жүрүшүнө байланышкан маселелерди жеринде талдайт.

Бул максатта CASCADD Борбордук Азиядагы стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте 25 суроодон турган анкета иштелип чыккан. Анкеталар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү. Сурамжылоонун жыйынтыгын иштеп чыккандан кийин, алар респонденттердин айткан сындарына көңүл бурушат.

Мониторингдин биринчи баскычы 2021-жылдын 26-ноябрына чейин созулат. Шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууга күбө болгон жарандар “115 түз байланыш” телефонуна билдирүүнү өтүнөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы жакыны калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG