Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин каза болду


Валерий Гаркалин.
Валерий Гаркалин.

Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин 68 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттигене Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтунун (ГИТИС) ректору Григорий Заславский билдирди.

Октябрь айынын башында ал Москвадагы коронавирус жуктуруп алгандардын ооруканасына жаткырылган. Кийин абалы начарлап, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ), андан соң ЭКМО – экстрокорпоралдык мембранндык оксигенация жасоочу аппаратка кошулган. Комадан чыккан Гаркалиндин абалы кайра начарлап, ноябрдын башында өпкөсүнө операция жасалган.

Гаркалин 1954-жылы Москва шаарында туулган. ГИТИСтин режиссерлук факультетин жана М.Гнесин атындагы музыкалык окуу жайда бүткөн. 1988-2001-жылдары Сатира театрында, кийин Москвадагы Пушкин атындагы театрда иштеген.

Бир катар кинолорго тартылган. Эң белгилүүсү Владимир Меньшовдун "Ширли-мырли" тасмасында баш каармандын ролу. Эл артисти наамын 2008-жылы алган.

Ал 2014-жылы демилгелүү топтун "Согушка, Орусиянын өзүн-өзү изоляциялоосуна, тоталитаризмди калыбына келтирүүгө каршы" кайрылуусуна кол койгон. Анда Орусия Крымды эл арлык нормаларды одоно бузуу менен аннексиялап алганы, мамлекеттик маалымат каражаттарда жалган, туура эмес маалыматтар жазылып жатканы жазылган.

XS
SM
MD
LG