Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:45

Кыргыз-татар кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. 19-ноябрь, Бишкек
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. 19-ноябрь, Бишкек

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Жапаров менен Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты.

"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы, айыл чарба техникасынын лизинги, баалуу кагаздар рыногу жана өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Кыргызстан экономиканы ыкчам өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулууда", - деди Жапаров.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов иш сапары менен Кыргызстанга 18-ноябрда келди. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Мындан тышкары, Минниханов кыргыз-татар ишкердик форумуна да катышты. Ушундай форум 2015-жылы өткөн.

Кыргызстанда СССР убагында 50 миңден ашуун татар улутундагы адамдар жашаган. Кыргыз-татар достук коомунун 2015-жылдагы эсебине ылайык, өлкөдө 30 миңге жетпеген татар тектүүлөр жашары маалым болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG