Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Бишкекте "Кыргызстан 30+" форуму ишин баштады


"Кыргызстан 30+" форуму.
"Кыргызстан 30+" форуму.

Бишкекте "Кыргызстан 30+" IV жарандык форуму ишин баштады. Негизи төрт тема, климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана коомдун баалуулукка карай багыттары талкууланган форумга аймактардан 200дөн ашуун адам катышууда.

"Жарандык форум буга чейин 2017-жылы өткөн. Андан бери дүйнөдө жана биздин өлкөдө жарандык коом талкуулай турган жана олуттуу көңүл бурууну талап кылган көп окуялар болуп өттү. Бүгүнкү күнү бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгы бышып жетилди. Кайдыгер эмес жарандардын күчүн бириктирүү зарыл", - деп айтылат уюштуруучулар тараткан маалыматта.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун сунушташууда.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Нурзат Абдырасулова климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн эриши, дарыялардын көлөмүнүн өзгөрүшү жер иштетүү, сугат маселесине башкача мамиле кылууга түртүп жатканын белгиледи.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес.

2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% ак кар, көк муз жамынган тоолор түзөт. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Бүгүнкү күндө 9959 мөңгү бар. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан. Ири муз катмарлары дагы ушул аймактарда. Мындан тышкары Алай тоо кыркасында да мөңгүлөр көп. Мөңгүлөрдүн Кыргызстандын сууларындагы үлүшү жай мезгилинде 50-70% чейин жетет. Бул сандар Кыргызстандагы табигый байлыктын Борбор Азиядагы ролунан даана кабар берет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG