Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Иран Перс булуңунда чет элдик кемени камакка алды


Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу 20-ноябрда Перс булуңунда дизель майын аткезчилик жол менен ташып келе жаткан бир кемени кармашканын билдирди. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлады.

"Контрабандалык дизель ташыган чет элдик кеме колго түшүрүлдү", - деп билдирди Парсиан районундагы деңиз күчтөрүнүн командачысы, полковник Ахмад Хажиан.

"Текшерүүдөн кийин 150 миң литрден ашык аткезчилик жол менен ташылып келген дизель майы кармалып, 11 чет элдик экипаж мүчөсү сотко берилди", - деп кошумчалады ал.

Хажиан кеменин улутун же качан кармалганы тууралуу жана экипаж мүчөлөрүнүн улутун тактаган жок.

Хажиандын айтымында, Ирандын экономикасын коргоо үчүн анын бөлүмү деңиздеги күйүүчү май аткезчилиги менен “чечкиндүү түрдө” күрөшөт.

Быйыл 4-январда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Түштүк Кореяга таандык Hankuk Chemi танкерин Ормуз кысыгынан кармап, камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG