Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 09:42

Кумтөр: текшерүү жана кечиккен отчет


Кумтөрдөгү алтын чайкаган фабрика.

Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, Кыргызстандын көзөмөлүнө өткөндөн бери бир жылга чукулдады. Бирок “Кумтөр Голд Компани” алтын өндүрүүнүн көлөмү, сатуу жана киреше-чыгаша боюнча толук кандуу отчетун жарыялай элек. Президент Садыр Жапаров Эсеп палатасына анын ишмердигин текшерүүнү буюрганын билдирди.

Министрлер кабинети Кыргызстан Кумтөр кенин колуна алгандан бери канча алтын казылганы, каякка сатылганы, тапкан кирешеси, бюджетке түшкөн пайда, салыктар, социалдык төлөмдөр тууралуу парламентке жана коомчулукка толук кандуу расмий отчет тапшырып, суроолорго жооп бере элек.

Быйыл 17-майда кенге тышкы башкаруу киргизилгенине туура бир жыл толот.

Буга чейин Кумтөрдөн түшкөн дүң жана таза кирешенин көлөмү тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 15-февралдагы маалымат жыйынында учкай билдирген.

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.

“Жалпы жонунан 329 млн. долларга чейин киреше көрдүк. Өндүрүштүн өзүнүн резервдик көрсөткүчтөрү бар. Компанияга бир айда 35 млн. доллардан 50 млн. долларга чейин жүгүртүү капиталы керек. Мына ошол каражатын алып салсак, бюджетке 220 млн. доллар таза киреше түштү. Бул салыктан тышкары. Мурун канадалык компания минералдык чийки зат базасы үчүн 4% салыкты төлөбөй жүргөн. Азыр мына ошол салык да төлөнө баштады. Ошондо жалпы жонунан компания дүң кирешенин 18% Кыргызстанга төлөп жатат. Мурунку планга караганда 4,5 млрд. сомго көбүрөөк акча түшө баштады”,-деген Жапаров.

Ошол эле кезде Кумтөр мамлекеттин колуна өткөндөн берки өндүрүштүк чыгымдары кандай болгону белгисиз. "Кумтөр" компаниясында башкаруу өзгөргөндөн бери алтындын бир унциясын өндүрүүгө кеткен жалпы акчалай чыгым 220 долларга төмөндөп, 16% ашуун кыскарганы буга чейин айтылган.

2020-жылы кенди "Центерра" башкарып турганда сатылган алтындын бир унцийинин чыгымы 342 доллар деп көрсөтүлгөн. Канадалык компания өндүрүш чыгымына башкарууга жана уюштурууга кеткен административдик чыгашаларды да кошуп эсептеп келген. Компания чыгашаларды ашкере көп көрсөткөндүктөн кирешенин көлөмү азайып, анын салыгы да бир топ аз чыгып отурган. Ал эми дивиденд алып, пайданы бөлүшүү сейрек учурай баштаганы учурунда сынга алынып келген.

Азыр алтын кенин мамлекет өзүнө алгандан бери бир унций алтын өндүрүүгө кеткен чыгым кандай жолдор менен азайганы расмий айтыла элек.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-майда Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Эсеп палатасына “Кумтөр Голд Компанинин” финансылык, чарбалык ишмердигин текшерип, эки айдын ичинде маалымат берүүнү тапшырганын жазып чыкты. Анда президент текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка толук отчет берилерин белгиледи.

“Кумтөр Голд Компанинин” расмий сайтында 2020-жылдын 4-кварталындагы өндүрүштүк отчету 2021-жылдын 12-мартында жарыяланып, ошол бойдон анын финансылык, чарбалык ишмердиги тууралуу маалыматтар жаңыртыла элек.

Кыскарган өндүрүш көлөмү

“Кумтөр" ишканасынын 25-мартта жарыялаган отчётунда 2021-жылы Кумтөр кенинен 14,6 тонна алтын казып алынган. Ага чейинки отчеттордо 2019-жылы 18, 68 тонна, 2020-жылы 17, 29 тонна алтын өндүрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Экономикалык баяндамачы Айданбек Акматов Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргенден берки алтын казуунун көлөмүн аныктоо орчундуу маселе экенин белгиледи.

Айданбек Акмат уулу, экономикалык баяндамачы.
Айданбек Акмат уулу, экономикалык баяндамачы.

“Чындыгында “Центерра Голд” ачык компания катары кетирген бир топ кемчиликтерине карабастан, Кыргызстанга пайдасыз болсо дагы маалыматтарын ачык жарыялап турган. Мисалы, салыктардын, дивиденддердин төлөнүшү жана алтын канчадан сатылганы тууралуу маалымат берип турат эле. Алтын кенин Кыргызстан өзүнө алгандан бери ушундай маалыматтар берилбей калды. Анан “алтынды казып алуу жараянын көзөмөлдөп турчу компьютердик система дагы бир жолу иштебей калды, кийин кайра калыбына келтирилди” дешти. Мына ошол жагдайларда алтын казып алуунун көлөмүн так аныктоодо жана көзөмөл жүрүзүүдө абдан чоң тобокелдиктер бар. Бир тонна алтындын эле баасы азыр канча? Буга чейин кендин алтын кошулмалары байыраак жерлери казылган жылдары жылына 19-20 тоннага чейин алтын өндүрүлгөн учурлар болгон. Орточо жылына 17-18 тоннанын айланасында болду. Алтынды казгандан баштап куйганга жана сатканга чейинки өндүрүштүк жараянды толук көзөмөлдөө керек”.

Быйыл жыл башында, 18-январда Министрлер кабинети "Кумтөр Голд Компанинин” тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы отчетун кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган. Анда өткөн жылы Кумтөрдө 14 тонна 561 кг алтын казылганы айтылган. Бирок Тенгиз Бөлтүрүк компанияны былтыр 17-майдан баштап гана жетектей баштаган. Ошондо алтындын канчасы кенди канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип турганда, канчасы тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки мезгилге туура келери такталган эмес.

Мурда "Центерра" 2021-жылдын июнь-сентябрь айларында алтын өндүрүү 24% кыскарганы тууралуу билдирген. Бирок ал кезде кенди иштетпей калган канадалык компания бул санды каяктан алып, эмнеге таянып эсептеп чыгарганын тактаган эмес. Кыргыз өкмөтү бул билдирүүнү дароо четке каккан.

"Пайданын өскөнүн киреше-чыгашадан көрөбүз"

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков өндүрүштүн абалы менен киреше-чыгаша боюнча өкмөт маалымат берүүгө тийиш дейт.

Кубанычбек Исабеков, парламенттин 5-чакырылышынын вице-спикери.
Кубанычбек Исабеков, парламенттин 5-чакырылышынын вице-спикери.

“Эми азыр расмий түрдө алтын кени Кыргызстандын карамагына өткөн соң ал жактан канча алтын өндүрүлдү, каякка жана кандай баада сатылды деген суроолорго жооп болушу зарыл. Бул жерде абдан чоң маселе бар. Себеби мурдагы жана азыркы учурдагы алтын өндүрүү көлөмү, киреше-чыгашалар боюнча салыштыруу болушу керек. Анткени мурда “Центерра” өндүрүштүк жана административдик чыгымдарды ашкере көбөйтүп көрсөтүп, менежмент өзүнө олчойгон маяналарды чегерип алган учурлар болгон. Мына ошол ашкере эле көрсөтүлүп, өөнөлүп келген чыгымдардын бардыгы кыскартылды деген ойдомун. Кезинде алар 100 миңдеген доллар айлык коюп алган мисалдар болгон. Азыр үнөмдөө жагы кандай чечилгенин дагы эл көрүшү керек. Ошондо анан алтын кендин пайдасын мамлекет көрө баштайт. Мунун бардыгы мыйзам чегинде болушу шарт. Сатылган алтындын кирешеси мамлекет казынасына түшүп, ошол жактан Жогорку Кеңеш башка чыгымдарга бөлүштүрсө туура болот. Ошондо гана пайда көрүнүктүү болот”.

"Центерра Голд" буга чейинки отчетторунда 2021-жылдын башынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилгенге чейин 4,3 тонна алтын өндүргөнүн көрсөткөн. Демек, кыргыз өкмөтү былтыр 17-майда кенди карамагына алгандан баштап, жыл соңуна чейин 10 тоннадан ашуун алтын казып алган болушу мүмкүн деп айтууга негиз бар. Бирок өкмөт былтыркы кенди карамагына алганга чейинки жана андан кийинки алтын өндүрүү көлөмүн эмнеге экиге бөлүп көргөзбөгөнү белгисиз.

Алтын сатуудан түшкөн акча

“Кумтөр Голд Компани” былтыр жыл соңунда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин курамына кирген. Анын жетекчиси болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын финансалык, чарбалык ишмердиги жана өндүрүштүн көлөмү боюнча суроолорду жоопсуз калтырды.

“Мен бул боюнча башкы редакторлоруңар менен кийин өзүнчө сүйлөшөйүнчү. Азыр кишилер менен отурам, сүйлөшө албайм”.

Былтыр 14-декабрда Финансы министрлиги “Кумтөр Голд” компаниясы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнүн, 2021-жылдын 11 айында казынага 6 млрд. 998,8 млн. сом түшкөнүн маалымдаган. Бирок анда министрлик анын канчасы салыктар жана социалдык төлөмдөр түрүндө бюджетке түшкөнүн, канчасы салыктык эмес, пайда катары которулганын тактаган эмес. Министрликтин “Ачык бюджет” порталында бул тууралуу кенен маалымат табылган жок.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков “Кумтөр Голд” компаниясы төлөгөн салыктар тууралуу маалымат бере албай турганын билдирди.

“Кумтөр боюнча жалпыланган маалыматтарды Финансы министрлиги гана бере алат. Анткени бул жерде салык эле эмес, бюджетке төлөнчү акчанын бардыгы боюнча маалыматтар министрликте гана бар. Себеби салыктык эмес төлөмдөр дагы бар. Алар мына ошонун бардыгын эсептеп бериши керек. Биз тиешелүү салыктарын, социалдык төлөмдөрүн чогултабыз. Анын ортосундагы гана каражат болуп калат. Биздин берген маалыматтар жетишсиз. Ошондуктан толук маалыматтарды мына ошол жактан сурасаңыздар”.

Ал эми бул тууралуу Финансы министрлигинен расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Өкмөттүн 18-февралда тараткан маалыматына ылайык, "Кумтөр Голд" ишканасы былтыр салык жана милдеттүү төлөм катары мурда пландалгандай 9 миллиард сом эмес, 13,6 миллиард сом төккөн. Жыйынтыгында, былтыр мамлекетке түшкөн төлөмдөр 50% көбөйгөн.

Ачык-айкындуулук принциби

Финансы министрлиги менен өкмөттүн эки башка мезгилде тараткан эки ача берилген маалыматтарынын кайсынысы анык экенин тактоого мүмкүн болбоду.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова мамлекеттик компаниялардагы отчеттуулукту жана айкындуулукту камсыздоо боюнча стратегия иштелип чыгып, бирок ушул күнгө чейин бекитилбей турганын айтты.

Нурипа Муканова, Коррупцияга каршы күрөш ишкер кеңешинин баш катчысы.
Нурипа Муканова, Коррупцияга каршы күрөш ишкер кеңешинин баш катчысы.

“Бул иштелип чыккан коррупциялык тобокелдиктерге каршы эл аралык стандарттар. Бул стратегияны бекитүүнү күтүп жатабыз. Анда негизинен үч башкы принцип камтылган. Ал корпоративдик башкаруунун принциби. “Кумтөр” болобу же башка мамлекеттик ишканалар болобу, башкаруудагы отчеттуулук жана ачык-айкындуулукту камсыздоо. Башкаруу органдары болгон башкармалык жана директорлор кеңеши кандай иш алып барууга тийиш? Мына ошолордун ишмердигин жөнгө сала турган документ.”

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд" компаниясынын өндүрүштүк жана финансылык ишмердиги тууралуу маалыматтар "Центерра" менен соттук териштирүүлөр болушу мүмкүн деген чочулоодон улам жашыруун болуп, ачык жарыяланбай келгенин айткан жайы бар.

Ал канадалык компания менен макулдашууга жетишилгенден кийин парламентке жана коомчулукка кеңири отчет берилерин убада кылган.

“Биз маалыматтардын бардыгын парламентке жана коомчулукка кийин беребиз. Анда ачык-айкын сандар бар. Бирок жанагындай депутаттар сурап жаткан сырларды соңку сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин гана сиздерге айтып бере алабыз”.

"Маалымат парламентке да келе элек"

Министрлер кабинети 15-февралда тараткан маалымат боюнча алтынды сатуудан жалпы 856 млн. доллар түшүп, анын 621 млн. “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилген учурга туура келери белгиленген.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Эмил Токтошев толук отчет бериле элек дейт.

“Кумтөр" мамлекеттин карамагына өткөн мамлекеттик ишкана болуп саналат. Аны бир эле Эсеп палатасы текшере алат. Анан бул ишкана жыл аягында биздин профилдик комитетке отчет бериши керек. Бирок анын отчету бизге келе элек. Жыл аягында бериле турганын айтышкан. Эми Эсеп палатасы текшерсе, ошондон кийин анан биздин комитетке отчет берилсе керек”.

Өткөн жылы Жогорку Кеңеште Кумтөрдүн алтыны кайда сатылып жатканы, табылган киреше жана төлөнгөн салыктар тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мурдагы чакырылыштын бир катар депутаттары тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктүн парламентте отчет беришин талап кылышкан. Ал салыктар үзгүлтүксүз төлөнүп жатканын гана айтып, бирок толук отчет качан берилерин айткан эмес.

“Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр 17-майда өз карамагына алган. Эки тарап тынчтык келишимине жетишкенин президент Садыр Жапаров 5-апрелде жарыялаган.

Кыргыз өкмөтү “Центеррадагы” 26,1% акциясын ага өткөрүп берип, ал эми канадалык компания бардык соттук доолордон баш тарта турган болгон.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктар Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылы көрө турганын билдирген. Эми кыргыз өкмөтү 2022-жылы Кумтөрдө 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүүнү мерчемдеп жатат.

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG