Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

"Кумтөрдү улутташтыруу мыйзамынан күмөн санагам"


 “Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттангам”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:16 0:00

“Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттангам”

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын конституциялык сотунун мурдагы судьясы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курмантай Абдиев болду. Ал маегинде юрист боло албай кыйналганын, райондук прокуратырада жалгыз кыргыз болгонун, Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттанганын, саясатчылар Баекова, Бакиев, Жээнбеков жана Садыр Жапаров жөнүндө ойлорун ортого салды.

- Курмантай мырза, совет заманында жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн, кыргыздардан прокуратура органдарына көп алышчу эмес, жетекчи кызматтарга коюшчу эмес дегендер бар...

- Кайсы бир деңгээлде бул ойго кошула алам. Өзүмдүн мисалымдан айтсам, университетти бүткөндөн кийин борбор шаарда калып иштеш көп кыйынчылыкты жараткан. “Кыргыз мектепти бүтүптүр, Ысык-Көлгө, же Ошко барып иштесин” деген шылтоолор болгон. Мен көгөрүп Фрунзе шаарында калып иштегим келет. Себеби, биз үчүнчү курстан баштап, тергөө иштерине жардам берип, “коомдук башталаштагы жардамчы” болуп, тажрыйба топтоп баштадым эле. Акыры көнүштү окшойт, 1978-жылы борбор шаардын Свердлов районунда прокурор-стажер болуп эмгек жолумду баштагам. Ошондо райондук прокуратурада мен жалгыз кыргыз элем. Жалпы алганда кыргыз прокуратурасынын 10-15% эле жергиликтүү улуттан болчу. Кыргызстандын башкы прокурору да дайыма орус улутунан болчу. Республиканын прокуратурасы түз Москвага баш ийчү. Кыргыздардан биринчи прокурор Чолпон Баекова болгон. Бирок, мен орустар менен иштеп жүрүп көп такшалуудан өттүм. Георгий Орлов деген өзү согуштун катышуучусу болгон тажрыйбалуу прокурордун мектебинен өткөнүмө абдан сыймыктанам. Ал киши абдан таза иштеген, мыйзамдуулукту туу туткан мыкты прокурор эле, мени абдан колдоп жүрдү. Кээде орус тилдүү кесиптештерим “Абдиев орусча протокол түзгөндө ката кетирет, мүчөлөрдү ордуна колдоно албайт” айтышканда, “ал кыргыз мектепти бүткөн, силер кыргызча жазып көргүлөчү, маселе “мүчөлөрдө” эмес, аракетте” деп аларды жолго салчу экен.

- Сиз Акаевдин бийлиги учурунда Ош, Талас, Нарын облустарынын прокурору болуптурсуз, бул жетишкендиктерди ал кездеги баш прокурор Чолпон Баекованын колдоосу менен байланыштырып келишет.

- Ооба, мен Чолпон Турсуновнанын кол алдында иштедим, ал кишиден көп сабак алгам. Ал киши баш прокурор болуп келгенге чейин мен башкы прокуратурада тергөө башкармалыгын жетектеп калгам. СССР кулап, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондо Чолпон Турсуновна баш прокурор болуп калды. Бир күнү мени чакырып, “Ош облусуна прокурор болуп барасыз” деп калды. “Мен ал ишти эптей алар бекенмин” дегеним али күнчө эсимде. “Сиз эптебегенде ким эптейт, барасыз, иштейсиз” деди. Андай ишеним болуп жатканына менин ага чейинки иштерим, аракетим себеп болгондур деп ойлойм. Мен ал кезге чейин Чолпон Турсуновнаны таанычу эмесмин. Ошентип Ошко барып иштедим. Андан кийин Таласка которушту, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген учурда ошол жакта иштедим. Кийин Нарынга прокурор болуп дайындалдым. Погон тагынып жүргөндөн кийин мамлекеттик бийлик жиберген жагына барып иштеп жүрдүк. Балдарымдын кээси мектепти Оштон, Таластан, башкалары Нарындан аяктады.

- Сиз Нарында иштеп жүргөндө президенттик администрациянын бөлүм башчысынын орун басары болуп дайындалыпсыз, ал күтүлгөн нерсе беле, же?..

- Эми айтсак болот. Ошол кезде “Нарын эркин экономикалык аймагы” деген бар болчу. Анын жетекчилери мыйзамдын талаптарын бир топ будамайлаганы билинип калды, аткезчилик болуп жатканы ачыкка чыкты, бажы жетекчилигине иш козголду. Ошондон кийин менин ал жакта керегим жок болуп калды. Анан мага айтпай туруп эле президенттик администрацияга бөлүм башчынын орун басары кылып дайындап коюшту. Ал жерде бир жыл иштегенден кийин Ош облусуна экинчи жолу прокурор кылып жиберишти.

- Сиз Бакиев президент болуп турганда юстиция министри болуп иштедиңиз, өзүңүздүн жеке баамыңыз, анализиңиз болсо керек. Бакиевдин бийлиги учурунда эмне үчүн буюртма өлтүрүүлөр көп болду, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Мен ал учурда тергөө иштерине аралашкан эмесмин. Президенттин администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун (жалпы үч адамдын) өлүмү акылга сыйбаган иш болгон. Бакиевдин жанында жүргөндөрдүн маалыматтарына караганда, президент ал өлүм жөнүндө билген эмес, катышы жок деп айта алам.

- Сиз Жогорку Кеңешке депутат болгонсуз. “Депутаттарга кайсы бир мыйзам актыларын өткөрүү үчүн акча сунуш кылгандар болгон” деп Текебаев убагында айтты эле, ушундай болчу беле?

-Мен депутат болуп турганда андай сунуш кылгандарды көргөн жокмун. Кийин парламенттен кеткенден кийин айрым маалыматтар айтылып жүрөт. “Кумтөргө” байланыштуу мыйзамдарды өткөрүүдө айрым депутаттардын аралашып калганы өкүнүчтүү нерсе...

- “Кумтөр” деп калдыңыз. Сиз азыркы президент Садыр Жапаров менен “Ата-Журт” фракциясынан депутат болуп турганда анын “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча демилгесин колдобопсуз, эмне үчүн андай болду эле?

- “Кумтөр” маселеси парламентте каралып жатканда чоң талаш-тартышты, көп талкууларды жараткан. Мен Садыр Жапаровго барып, “эгер “Кумтөрдү” улутташтырсак, иштетип кете ала турган кадрларыбыз, адистерибиз барбы” сурагам. “Байке, жетиштүү адистерибиз бар” деген Жапаров. Чындыгында анда ички дүйнөмдө ошондой күмөн саноо болгону чын. Бирок, мен анда кандай добуш бергеним азыр эсимде жок.

​- 2012-жылы партиялаш-депутаттар Садыр Жапаров, Ташиев, Мамытов митингден кийин Ак үйдүн кашаасынан ашып өткөн аракеттери боюнча “балдар мыйзамсыз иштерге барышты” деп бир маегиңизде айткан экенсиз, азыр деле ушундай пикирдесизби?

- Мен андай маек бергеним эсимде жок. Ал митингде мен дагы болгом. Бирок, мен үчүн бир бүдөмүк суроо бар. Ошол митингде “ак кепкачан” жигиттер жүрүшкөн, ошолор биздин депутаттарды “Ак үйгө кире аласыздарбы” деп козутуп койгондой болду. “Алар башка жактан даярдалган топтор го” деп алигиче ойлойм. Ошондой козуткан сөздөргө бирилип кетишти окшойт, анын үстүнө Ак үйдүн батыш жактагы эшигин жаап койгондо, алар кашаадан секирип түшүштү.

XS
SM
MD
LG