Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Ширшовдун окуясы: Жапаровдун жообу, Максимдин миллиондору


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

Президент Садыр Жапаров "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катты.

Жапаров 11-майда Фейсбуктагы баракчасына Ширшовду бир канча ай мурда кабыл алганын, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин банкта камакта жаткан 200 миллион долларын кайтарууга көмөктөшүп жатканын билдирди.

Мунун алдында Ширшовдун коррупцияга айыпталып камалары менен эле дароо үй камагына чыкканы талаш-талкуу жараткан.

Садыр Жапаров Ширшов жана анын Кыргызстанга кайтып келген жагдайы, Ысык-Көлдөгү "Аврора Плюс" пансионатындагы ондогон кымбат баалуу батирлердин менчикке өтүп кеткени жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына кеңири билдирүү жазды.

Анда Ширшов ага жардамчылары аркылуу бир канча ай мурда кайрылганын, ушул тушта мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максимдин банкта эсеби жабылган миллиондогон долларын кайтарууга көмөктөшүп жатканын билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Мындан 6-7 ай мурда Ширшов мага жардамчыларым аркылуу кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам?” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жоктугу боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” дегем. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз", - деп жазды Жапаров.

Президент ошондой эле Ширшов ага "Аврора плюс" эс алуу жайындагы мыйзамсыз иштер тууралуу маалымат бергенин жарыялады. Андан сырткары Максим Бакиев дагы кайтып келиши ыктымалдыгы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

"2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте отурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөй, талап-тоноп алганын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттеждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине кайтаргыла” деген тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат. Бир коттеждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттеждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой эле "Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатат. Жакын арада УКМК коттеждердин ээлерин аты-жөнү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек! Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт!", - деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшов боюнча пикирине нааразылыгын билдирген кайрылуу жасады.

Оппозициялык кыймыл президент Жапаров билдирүүсүндө "Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөө салынган эмес" деп коомчулукту адаштырып жатканын белгилеген. Анда Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын адамы катары "Кыргызтелеком", "Түндүк электр", "Кыргызгаз", "Витязь", "Каприз", "Аврора плюс", "Аврора Грин" пансионаттарын менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешери айтылган.

"Бакиевдерге карата аяктаган кылмыш иштерге байланыштуу укук коргоо, сот органдарынын иш-аракеттери, биз тарабынан аларды реабилитациялоо жана кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтарып берүү аракеттери катары бааланат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Жогорку Кеңеште Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Депутат Жанар Акаев ал бир топ жыл эл аралык издөөдө жүргөнүн, Кыргызстанга канча жолу келип-кетип жүргөнү тууралуу маалыматты тиешелүү органдар бербей жатканын айтып чыкты.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Ширшов деген фамилия коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Ошондой киши Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөнүнө карабастан акыркы бир жылдан бери Кыргызстанга кенен-кесири кирип жүргөн. Мен 28-апрелде Чек ара кызматына "Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкты, эмнеге суракка чакырылган жок?" деген суроо-талап жөнөткөм. Ушул күнгө чейин жооп берилген эмес. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым күн камалгандан кийин кайра кое берилип жатат. Коррупцияга каршы күрөш ушубу? Кыргызстанда Ширшовдун схемалары кайра иштей баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт? Ширшовдун канча жолу кирип чыкканы тууралуу суроо-талап жөнөтсөк, Чек ара кызматы жооп бербей жашырат. Көрүнгөн кишини ортого салат, андай болбошу керек. Коррупцияга каршы ишке ушундай окуялар көө жапты".

Жанар Акаев мунун алдында "Азаттыкка" комментарий берип, Ширшовдун каржы секторуна да аралаша баштаганы тууралуу маалыматтар бар экенин, бирок Улуттук Банк менен Финансылык чалгын кызматтары маалымат бербей жатканын билдирди.

"Улуттук банк Орусиядан рубль алып келип, аны долларга, еврго айлантып башка өлкөлөргө чыгарылганы боюнча жооп берген жок. Санарип министри Талант Иманов Ширшовдун түз кадры. Мурда Ширшов энергетика тармагындагы гана схемаларга аралашып жүрсө, азыр башка чоң тармактарга киришип жатат. Швейцариядагы банкка 600 миллион рубль каяктан түшүп жатат деген маселелер бар. Улуттук банк бул суроо-талапка "коммерциялык сыр" деп жооп бербей жатат. Мунун баарын албетте ачыкка чыгарабыз. Финансылык чалгын кызматы дагы коммерциялык банктардын жашыруун маалыматы деп жооп берип жатат. Менин күмөнүм боюнча, ушунун артында дагы Ширшов турат. Энергетикадагы коррупциялык схемалар өзүнчө маселе. Бирок ал андан башка дагы каржылык секторго аралашып жатат".

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев дагы Ширшовдун Кыргызстанда энергетикадан башка дагы тармактарга аралашкысы келген пландары тууралуу маалыматтар бар экенине токтолду.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

"Бул Кыргызстанда толук кандуу иш жүргүзүп жатат. Энергетика тармагынан сырткары тоо-кен тармагына да байланыштуу иш жүргүзүп жатат деген маалымат бар. "Дастан", "Аврора плюс", энергетика боюнча соттун чечимдери бар. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн, ошонун негизинде Кыргызстанга келгенде эле камалышы керек эле. Тилекке каршы, анда болгон жок. Ширшовду "адалдаштыруу" маселеси болуп жаткандай. Эми бир жылдай сот болот, анда 260 миң сом айып пул төлөсүн деген чечим чыгарат. Мүмкүн мамлекетке зыян келтирди деп 200-300 миллион сомду төлөттүрүшөт, анан булар мурдагы командасы менен коррупциялык схемаларды кайра эле улантышы мүмкүн".


Улуттук коопсуздук комитети, анын алдындагы Чек ара кызматы жана башка тиешелүү органдар мындай дооматтарга азырынча үн ката элек.

Мунун алдында Биринчи май райондук соту Ширшовду атайын кызматтын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова Ширшовдун бардык өлкө башчыларынын тилин тапкан жөндөмүнө токтолду.

Жылдыз Жолдошова.
Жылдыз Жолдошова.

"Ширшов чынында эле абдан акылдуу жана куу инсан экен. Энергетика тармагында абдан чоң коррупциялык схеманы түзүү менен чектелбей, ар бир келген президенттин тилин тапкан. Мени ушул нерсе таң калтырат. Ал бир эле президенттердин эле эмес, алардын балдарынын дагы тилин табат экен. Экинчиден, убагында Ширшовдун схемасын түзүүгө көмөктөшкөн, ошол схемада иштегендер энергетика тармагына "дүңүнөн" келишти. Кандай жол менен кантип келишкени чоң суроо. Кечээги окуя Батукаевдин окуясынан дагы жаман болду десем жаңылышпасам керек. Анткени УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Алексей Ширшовду камады. Менин билишимче, Ташиев азыр башка өлкөдө жүрөт. Ал өзүнүн позициясына катуу турду. Бирок ушундай чоң коррупциялык иштерге аралашкан адамды тергөө абагына бир күн дагы кармабай чыгарып жиберишти. Мына ушуну ким жасап жатат? Бизде Конституциянын гаранты Садыр Жапаров "бардык нерсеге мен өзүм жооп берем" деп жатат. Анда Садыр Жапаров ушул маселеге көңүл бурушу керек. Бул окуя азыркы бийликтин тагдырына балта чапчу жагдай болуп калды. Бул окуяда Камчыбек Ташиевдин эл алдында жүзү жарык экенин мен ачык айта алам".

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштарынын бири Мээрбек Мискенбаев Ширшовдун кармалары менен эле үй камагына чыгышын кош стандарттуулук катары сыпаттады.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

"Ширшовдун келгенине көп болгон, жаңы жыл алдында эле ушундай сөздөр эл арасында айтыла баштаган. Аны кармап, коррупцияга барганы тууралуу элге жарыялап туруп кайра кое бергени кош стандарттуулук. Сот адилеттүүлүгүнүн, акыйкаттыгынан жоктугу деп эсептейм. Азыркы бийлик Аскар Акаевди актап, 2005-жылдагы ыңкылапты жокко чыгарды. 2010-жылдагы революцияны Ширшовго окшогондорду актап, жокко чыгарып жатат. 2020-жылдагы революцияны дагы Сооронбай Жээнбеков "ырымдап" атып аны дагы жокко чыгарды. Алмазбек Атамбаев менен анын жанындагылардын эле сот иштери болуп жатат. Жакында Максим Бакиев, Жаныш Бакиев жана Курманбек Бакиев деле акталышы, адалдашуусу мүмкүн".

Атайын кызмат 10-майда Ширшов кармалганын, ага "коррупцияга" байланыштуу айып коюлганын, Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып алууга аралашканын билдирген.


Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Ширшов "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат 56 батирдин жана 27 коттеждин жеке менчикке өтүп кеткенине аралашкан. Атайын кызмат тараткан маалыматта бул кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, судьялар менен бирге "татаал коррупциялык схема" түзүлгөнү аныкталганы айтылат.

46 жаштагы Ширшовдун өмүр баяны, эмгек жолу тууралуу маалымат аз, анын саналуу гана сүрөттөрү бар. Ширшов 2007-жылдарга чейин алгач "Ошэлектр", андан кийин "Түндүкэлектр" ишканаларында финансылык деректир болуп иштеген. 2007-2010-жылдары "Дастан" ишканасын башкарган.

Убагында айрым басылмалар Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар жана Максимдин жакын өнөктөшү экенин жазышкан. 2005-жылдагы Март окуясында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан.


2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулаганда ага да издөө жарыяланган. 2015-жылы ага "Дастан" ишканасын башкарып тургандагы ишмердигине байланыштуу өкүм чыккан.

Алексей Ширшов азыр да Интерпол аркылуу издөөдө жүрөт. Соңку окуяларга байланыштуу өзү, жакындары жана адвокаттары азырынча үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG