Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Жоголгон миллиондор: Бакиевдерге суроо


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

2010-жылы 7-апрелде өлкөдөн чыгарылып кеткени айтылган 300 млн. доллар орусиялык насыянын 220 миллиону боюнча териштирүү башталды.

Ошол учурда Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп, азыр аны жетектеп жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев "Бакиевдер ыңкылапка чейин акчаны чыгарып кеткен" деген маалыматты төгүндөгөнү үчүн куугунтук көрүп, камалып чыкканын билдирди. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров муну "бакиевчил күчтөрдүн актануу аракети" деп баалады.

Депутаттын суроосу, банкирдин жообу

Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев 2008-жылы Өнүктүрүү фондуна Орусиядан алынган 300 млн. доллар насыя тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, акчанын 80 млн. доллары "Камбар-Ата-2" ГЭСин курууга жумшалып, 190 млн. доллары Улуттук банкта сакталып, калган 30 млн. доллар Кыргызстанда башка бир коммерциялык банкта депозитте турган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев бул акчанын тагдыры тууралуу сурады.

"Орусия 2008-жылы 300 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Ага кошумча бюджетти колдоого 150 млн. доллар грант келген. Мына ошол акчаны 2010-жылы 7-апрелде Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып, алып кетип калды деген сөз болгон. Бирок мен билем, мына ошол миллиондогон доллар акча эч жакка чыгарылып кеткен эмес. Мына ошол акчанын кийинки тагдыры тууралуу айтып бере аласызбы? Мейли, анын 80 млн. доллары "Камбар-Ата-2" ГЭСин курууга иштетилген экен. Калганы эмне болгону тууралуу толук маалымат бере аласызбы. Бул тууралуу коомчулукка эскертип коюш керек".

2010-жылы Улуттук банктын төрагасынын банктык көзөмөл боюнча орун басары болгон Кубанычбек Бөкөнтаевге кылмыш иши козголуп, бирок кийин ал иш кыскартылган.

Былтыр күзүндө 2021-жылы 29-сентябрда Улуттук банктын төрагасы болуп келген Кубанычбек Бөкөнтаев ал акчанын айланасындагы чуулгандуу жагдайлар боюнча азыркы учурда кызматтык териштирүү башталганын айтты:

"Өнүктүрүү фондунун мына ошол акча каражаттарын биз көзөмөлдөйт элек. Анын бар-жогун мен даана билем. 2010-жылы 7-апрелден кийин ал акча бар болчу. Аны эч ким чыгарып кеткен эмес. Убактылуу өкмөт мына ошол акча жок дегенден кийин мен Кыргызстандын банк тармагында дүрбөлөң болуп кетпесин деген максатта Бишкекте ошол күндөрү аталган акчанын эч жакка чыгарып кетпегенин айтып, маалымат жыйынын өткөрүп, алардын тараткан маалыматын четке каккам. Ошондон кийин мени тез эле кызматтан алышкан. Анан кийин мага кылмыш ишин козголуп, камакка алуу чечими чыккан. Бирок кийин айыптоонун бардыгын алып салышкан. Анткени, анын бардыгы жалган жалаа болчу. Бүгүнкү күнү ошол иштер боюнча териштирүү жүрүп, иликтөө башталды. Буюрса, анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат беребиз".

Күздө парламентте Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып, бекитилип жатканда да Кубанычбек Бөкөнтаев бул тууралуу суроолорго жооп берип, Убактылуу өкмөт банк уячаларынан алынган акчаны коротуп, ага жалган жерден айып такканын жарыялаган. Ошол жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев анын өтмүшүн эске салып, жоопкерчилик маселесин көтөргөн эле.

"Мен сиздин Курманбек Бакиевдин кадры экениңизди билем. Сиз Улуттук банктын төрага орун басары болуп турганда биздин өлкө акчаны "адалдаган" кир жуугуч машинага айланып калганын эсиңизге салайын. Жеке сиз өзүңүз "Азия Универсал банк" жана "Ысык-Көл инвестбанк" боюнча фигурант болгонсуз. Биздин өлкөнүн аброю аябай кооптуу болуп калган. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин сиз кызматтан алынгансыз, кылмыш иши козголгон. Айтыңызчы, эмнеге ошондо иш ачылып, азыр эми ошонун бардыгы жокко чыгарылды? Алапаевге каршы көрсөтмө бергенсиз. Жаңы жагдайлар менен иш кайра каралганда мурдагы көрсөтмөңүздү кайра өзгөртүп жатасыз. Сизди бирөө кыйнады беле? Андай болсо мына ошол тергөөчүлөр камалышы керек же жалган көрсөтмө бергениңиз үчүн сиз өзүңүз жоопко тартылышыңыз зарыл".

"Бакиевдер фонддун акчасын каалагандай калчаган"

Убактылуу өкмөттө күч түзүмдөрүн караган Азимбек Бекназаров муну азыр бийликке келген бакиевчил күчтөрдүн актануу аракети катары баалады.

"Бакиевчилер азыр бийликке келип алып, Убактылуу өкмөттү каралап, мокочо көргөзүүнү модага айлантып алды. Бирок, мына ошолордун бардыгы мамлекетке эмес, Жаныш менен Максимге кызмат алып жүрүшкөнүн эч ким унута элек. Бакиевдин үй-бүлөсү Өнүктүрүү фондунун акчасын каалагандай калчап, Максимдин жеке банктарына салып, иштетип жүргөнү факты. Улуттук банк болсо ага көзөмөл кылган эмес. Ал жерде бир эле эмес, бир нече кылмыш иши бар. Анын бардыгы азыр Башкы прокуратурада сакталып турат. Ошону азыр көтөрүп чыгышсын. Аларга чындап эле негизсиз жерден куугунтук болгон болсо биз жооп бергенге даярбыз. Өнүктүрүү фондунун акчасын Максим Бакиев пайдаланбаса, мамлекет өзү башкарып келгени анык болсо, анан эле биз келип ошол акчанын бардыгын жок кылып жиберген болсок, анда азыр ошонун бардыгын далилдеп, бизди камашсын. Муну бир эле биз эмес, 2009-жылдын соңунда Путин Сочиде биздин ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновго "биз акчаны бир үй-бүлөгө берген эмеспиз, ордуна коюп койгула" дегенин унутуп калдыңарбы?".

Бирок, 2010-жылы 7-апрелден кийин Улуттук банкта сакталган миллиондор кийин каякка жумшалганы тууралуу маалымат жарыялана элек. Ошол кезде Орусиядан 30 млн. доллар каржылык жардам алып келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан миллиодогон доллар уурдалып кеткенин билдирген.

"Уурулук болгону ырас"

2010-жылы июлдун соңунда Улуттук банкты жетектөөгө келген Бактыгүл Жээнбаева ал чуулгандуу акчадан кабары жоктугун айтып, бирок ошол кезде банктардан акчаны чыгарып кеткен учурлар болгонун ырастады.

"2010-жылы апрель, май-июнь, июль айларында мен жок элем. Ал кезде эмне болгонун, кандай болгонун билбейм. Мына ошонун бардыгы бүткөндөн кийин келгем. Муну мына ошол кезде төраганын милдетин аткаруучу болгон, азыркы төраганын орун басары Заир Чокоевден сураш керек. Ошол киши бардыгын билет. Мен ал кезде мына ошол ызы-чуу болуп, иштер козголгондон кийин келдим. Ал акча уурдалбаса, эч жакка жок болуп кетпейт. Кайра эле бюджетке түшкөн болушу мүмкүн. Бирок ал акчабы же башкабы, 2010-жылы 7-апрелде уурдалып, сыртка чыгарылып кеткени анык. Анткени, ар кайсы акча каражаттары сакталып турган. Социалдык фонддун акчасы, жеке тараптардын депозиттери жана мамлекеттик компаниялардын каражаттары болгон. Уурдалганы уурдалган. Бирок ошонун ичинен кайсынысы уурдалганын азыр мен эстеп, так айта албайм. Аны документталдык негизде такташ керек. Ал документтердин бардыгы Улуттук банкта сакталуу. "Азия Универсал банктан" чыгарып кеткен акча боюнча Надел менен соттошуп жүргөнбүз. Мен Улуттук банкка келгенде ал банк акчасы жок калып, банкрот абалында турган".

Алапаевди алмаштырган Чокоевден жооп жок

Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге каршы берген көрсөтмөсүнөн баш тартты. 2010-жылы 7-апрелден кийин өлкөдөн качкан Марат Алапаевдин ордуна анын орун басары Заир Чокоев төраганын милдетин аткаруучу болуп келген. Азыр бул киши кайрадан төраганын орун басары болуп иштеп жатат. "Азаттык" ага аталган миллиондордун тагдыры боюнча кат менен кайрылып, бирок жооп ала алган жок.

Ошол эле кезде 2010-жылы төраганын милдетин аткаруучу болуп келип, чуулгандуу иштерден кийин кызматынан кеткен Заир Чокоевдин азыркы төрага Кубанычбек Бөкөнтаевдин орун басары болуп кайра 12 жылдан кийин кайтып келиши эмнеге байланыштуу экени дагы жоопсуз бойдон калды.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева ага байланыштуу маалымат иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин берилерин билдирди.

"Азыр толук маалымат бере албайбыз. Анткени, азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Мына ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин гана коомчулукка маалымат беребиз. Анын каякка кеткени кандай болгону боюнча териштирүү аяктай элек. Андан бери бир топ убакыт өтүп кеткен. Бардык архивдик документтерди көтөрүү керек. Күч түзүмдөрүндө бул боюнча кандай иштер жүрүп жатканын билбейбиз. Биз өзүбүздүн кызматтык териштирүү бүткөндө гана маалымат беребиз".

Издөөдө жүргөн Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевдин иши жаңы ачылган жагдайлар менен каралып, ага каршы өкүм жокко чыккан. Марат Алапаев Максим Бакиев менен бирге "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деген негизде айыпталган.

Максимдин кеңешчиси эмне деген?

Максим Бакиевдин финансылык кеңешчиси болуп, MGN Group компаниясында иштеген Евгений Гуревич "Азатыкка" курган маегинде Өнүктүрүү фондундагы жана Социалдык фонддун акчасы кымырылып, чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин четке каккан.

Ошол эле кезде Евгений Гуревич ыңкылапка чейин эле башка булактардан алынган миллиондогон долларлар чыгарылып турганын ырастаган.

"Өнүктүрүү фонду сыяктуу маселенин жөнөкөй бөлүгүнөн баштасак. Каражаттарды, мамлекеттин активдерин, анын үстүнө Орусиянын кредитин башкаруу жагынан алып караганда, мен муну анчалык мыкты идея болгон эмес деп эсептейм. Бирок мага белгилүү болгондой, командага карата айтылган каражатты кымыруу сыяктуу көрүнүштөр орун алган жок. Муну Улуттук банктын каты күбөлөндүрүп турат. Бул калп. Бирок мен Бакиевдер тарабынан чоң акча, жүз миллиондогон долларлар чыгарылып кеткенин ырастайм. Мен кыргыз прокуратурасына жана америкалык органдарга бул темада маалымат берүүгө аракет кылдым. Башында кызыгуу болгон. Бирок кийин эмнегедир баары токтоп калды".

Орусиядан жеңилдетилген шартта берилип, Өнүктүрүү фондуна салынган 300 млн доллардан калган 220 млн. доллар боюнча Убактылуу өкмөттө финансыга жооп берген Темир Сариев менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмилбек Каптагаев ошол кездеги банктардан табылган бардык акча каражаттары Финансы министрлигине которулганын белгиледи.

Ошол эле кезде Эмилбек Каптагаев орусиялык 300 млн. доллар насыядан калган каражат каякка жумшалганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди:

"Финансы министрлигинен отчетун сураш керек. Анткени ошол кездеги болгон акчанын бардыгы ага өткөрүлгөн. Бул жерде жашыра турган, корко турган же уяла турган эч нерсе жок. Болгону мына ошлл акча кийин кайда жумшалып, кантип чыгымдалганын тактоо керек. Бул жерде менимче, эки башка акча тууралуу сөз болуп жатат. Анан аны кимдир бирөөлөр бурмалап, андан кайрадан саясий кызыл кулактык жасап жатышат. Дагы бир жолу тактап, иликтесе, жаап-жашыра турган эч нерсе жок".

Орусия 2008-жылы "Манас" аэропортундагы АКШнын базасын чыгаруу үчүн кыргыз өкмөтүнө 300 млн. доллар насыя жана 150 млн. доллар гранттык колдоо көрсөткөн. 2009-жылы кыргыз бийлиги бул базанын аскердик макамын жүк ташуучу транзиттик борборго өзгөрткөн.

2010-жылы июнь коогалаңынан жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө мына ошол орусиялык насыядан калган каражат жумшалганы айтылып, бирок анын кайсы бөлүгү каякка чыгымдалганы расмий жарыяланган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG