64 жашында каза болгон мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин сөөгү 14-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Мурдагы министрдин ишмердиги тууралуу карама-каршы пикирлер көп.
Бири Конгантиевди антты бузбаган генерал катары сыпаттап, кыргыз милициясына кошкон салымын эскеришүүдө. Ошол эле учурда Конгантиев Бакиевдин режимине кызмат кылып, буйрутма киши өлтүрүүлөргө көз жумганын, ал башкарган жылдары милиция криминал менен жуурулушуп кеткенин, оппозицияны куугунтуктоого салым кошконун айтышат.
Конгантиев менен коштошуу
Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатууга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулук өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.
Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун Мамлекеттик катчы Касмамбетов окуду.
“Молдомуса Конгантиев мамлекеттик кызматтын ички табияты менен жол-жоболорун жакшы түшүнгөн адам катары жаңы нукта иш алып барып, милиция менен карапайым калктын катмарынын өз ара байланышын чыңдоо милдетин аткарып келди. Ал отставкага чыккандан кийин деле ушул багытта ырааттуу иш алып барганын жакшы билебиз. Биздин чыныгы кыргыз жигитибиз эле. Биз сөз менен айтканда эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө барандуу салымын кошо алды. Маркумдун көзү өтсө дагы, анын өз элине сиңирген эмгеги, жаркын элеси замандаштарынын көңүл тереңинде, элибиздин эсинде сакталып кала берет”, - деген анда президент.
Садыр Жапаровдун Конгантиевдин үйүнө көз көрсөтүп барган видеосу социалдык тармактарга чыккан.
Молдомуса Конгантиев 12-февралда туулган жерине, Майлуу-Суу шаарына куран окутуп барган убакта күтүүсүз кайтыш болгон. Санаалаштары анын жүрөгү токтоп калганын кабарлашты.
Маркум 2010-жылы революция учурунда Таласта катуу токмоктолгон, андан кийин мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес. Анын жакындан билгендер бул окуядан кийин Конгантиевдин ден соолугу мурдагыдай болбой калганын айтышты. Бир тууган агасы, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев буларга токтолду:
“12 жыл кайгы-капа, азапта жүрдүк. Кабагым-кашым дебей ичинде, жүрөгүндө кармап жүрдү. Эми биздин үй-бүлөгө “акыйкат, чындык, жакшы күндөр келди” деп ойлодум эле. Мына ошол тилегибизге да жетпей калдык. Көрсө, 12 жыл капада жүрүп чарчаган экенсиң, бир тууганым. Камчыбек Ташиев “менин чарчаган арстаным” деп жазыптыр. Камчыбек Кыдыршаевич, биздин 12 жылдык турмушубузду бир сөз менен жыйынтыктап койдуңуз”.
Молдомуса Конгантиев Ички иштер органдарында 1979-жылы келип, бир катар кызматтык тепкичтерде иштеген.
Курманбек Бакиев бийликке келген март окуясынан кийин, 2005-2008-жылдарда Бишкек милициясын, 2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигин жетектеген. Ал ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев ишенген генералдардын бири болгону айтылып келе жатат.
Ал эми Бакиевдин бийлиги кулаган 2010-жылдагы апрель окуясынын алдында ал Таластагы көтөрүлгөн элди басуу үчүн күч органдарын баштап барган. Таластагы окуяда Конгантиев сабалып, бир нече жыл дарыланып жүргөнү айтылып келет.
Анда Таласка баргандардын арасында азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да болгон. Ал ошол учурда биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап турган. Акылбек Жапаров Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу учурунда аны антын бузбаган генерал катары сыпаттады.
“Ал мыкты офицер эле. Өз кызматын өтөп жатып төрт саат ур-токмокко алынып, ден соолугунан айрылып, эс-учун жоготуп баратса да, эч кимди саткан эмес. Ал антына бекем турду. Ал ушул азаптын бүтүшүн каалаган. Ошол күн бүгүн да көз алдыбызда турат. Молдомуса Конгантиев ошондогу элеси менен бүтүндөй милиция кызматкерлеринин реалдуу тагдырын көрсөтүп турган. Молдомуса Ташболотович, тагдырдын тамашасын кара. Дал ошол күндөрү экөөбүз бир болдук эле. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы катары сизди акыркы сапарга узатууга расмий адамдардын ичинен сөз сүйлөө вазийпасы мага жүктөлүп отурат. Генералдын ысымы, өмүрү, тагдыры милиция кызматкерлеринин тагдыры боюнча ачуу чындыкты кашкайтып көрсөтүп турат. Ар бир революцияда эки тараптын кыпкызыл жалынында калып, тартипти орнотуп тургандар булар – милиция кызматкерлери. Алар сөзсүз уставды аткарууга милдетүү. Бирок биз алардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик бере албагандыбыз өтө өкүнүчтүү”, - деди Акылбек Жапаров.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты, юридика илимдеринин кандидаты.
Конгантиевге көлөкө түшүргөн кылмыш иштери
Коомчулукта Молдомуса Конгантиев жөнүндө пикирлер ар түрдүү. Конгантиев 2005-жылдан кийин Бишкек шаарынын милиция башчысы, 2008-2010-жылдары ИИМ министри болуп турганда Кыргызстанда журналисттерге, саясатчыларга куугунтук күчөп, бир катар кол салуулар, кан төгүүлөр болгон.
Мисалга алсак, ошол кезде оппозиция Конгантиевди президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнүн чыныгы себебин жашырып койду деп айыптаган.
Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Алардын сөөгү Чүйдө өрттөнгөн машинеден табылган. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган. Бул маалыматты Молдомуса Конгантиев өзү жарыялаган.
Садыркуловдун өлүмүнөн 10 күн мурда, 3-мартта журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу болуп, белгисиз адамдар аны бычактап, колу-бутун сындырып кетишкен. Ал иштеген “Репортер Бишкек” гезити Бакиевдин бийлигине оппозициялык маанайдагы басылма болгон. Ошол учурдагы министр Молдомуса Конгантиев окуяны криминал менен байланыштырып, эч кандай саясий өңүтү жок экенин айткан.
2009-жылдагы кол салуудан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Сыргак Абдылдаев Конгантиевди "Бакиевдерден генералы" деп атады:
"Молдомуса Конгантиевдин беш жылга созулган генералдык бийлиги учурунда ИИМде бир дагы буйрутма өлтүрүү ачылган эмес. Бир дагы! Мындан тышкары, Молдосуса Конгантиев адам өлтүрүүлөрдүн башында тургандарды жана аны аткаргандарды кылмыш жоопкерчилигинен алыстатып, ишти расмий түрдө бурмалаган”, - деп жазды журналист өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына.
2010-жылдагы революциядан кийин Медет Садыркуловдун өлүмү жана Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча териштирүү жүрүп, Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевге, УКМКнын, ИИМдин жооптуу кызматкерлерине айып тагылган.
“Социал Демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Молдомуса Конгантиев жерге берилген 14-февралда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Бакиевдин бийлиги учурунда киши колдуу болуп каза болгон мурдагы депутаттар Руслан Шаботоев, Жыргалбек Сурабалдиев, Санжар Кадыралиев, Баяман Эркинбаевге, журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саиповдорго жана 2010-жылы 7-апрелде каза болгондорго куран окуганын жазды.
Саясатчы Конгантиевдин тагдыры бийлик башына келген адамдарга сабак болуш керек деп эсептейт.
“Молдомуса Конгантиевдин жаткан жери жайлуу болсун. Бирок мамлекеттик деңгээлде узатылып жатышын туура эмес деп ойлойм. Анткени ал Бакиевдин учурунда өлүмдөрдү жашырып келген да. Ошол эле Медет Садыркулов өлгөндө анын "бул жол кырсыгы" дегенин КТРК кайра-кайра көргөзүп турган да. Биздин коопсуздук органдары жарандардын укуктарын коргошу керек эле. Бирок ошол учурда жарандарга коркунуч күч органдарынан келген. Ал кезде милиция күрөшө турган кылмышкерлер көп болчу. Бирок алар оппозиция, журналисттерге каршы турган. Жыйынтыгында Бакиевдердин бийлиги кулаган. Бул мамлекет башына келген адамдарга сабак болушу керек. Конгантиев жакшы адам болгондур. Бирок мамлекеттик кызмат деген башка нерсе”.
Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Конгантиев боюнча бир жактуу пикир айтуу туура эмес деген ойдо.
“Конгантиев ИИМ үчүн чоң кызмат кылган. Ал мамлекет үчүн мыкты кадрларды даярдаган. Аны өздүк курам азыр да сыйлайт. Бирок Медет Садыркуловдун өлүмү сыяктуу окуялар ага көө жапты. Жөнөкөй эле жарандар, журналисттер Садыркуловдун киши колдуу болуп өлгөнүн, бийликтин буйругу менен өлтүрүлгөнүн билип турушту да. Ошону эске алуу менен ишти ачып койгондо, Конгантиевдин тагдыры башкача болот эле. Ошол эле учурда саясий иштерге жалгыз Конгантиевди күнөөлөгөнгө болбойт. Ал болгону бир топ соккуну өзүнө алды”.
2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Молдомуса Конгантиев да айыпталып, ага карата “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык” беренелери менен кылмыш иши ачылган.
2019-жылы сот аны актаганы белгилүү болгон. Жогорку сот экс-министрди 2020-жылы толук актаган.