Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Бекназаров: Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгон


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров энергетикадагы ири коррупциялык схемаларды түзүүгө айыпталган Алексей Ширшов тууралуу президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.

- Президент Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун үй камагына чыгарылышына байланыштуу комментарий берип жатып, "ага карата Убактылуу өкмөттүн тушунда кылмыш иштери козголгон эмес, ошондуктан аны менен жолуктум" деп айтты. Ушул тууралуу айта кетесизби? Буга чейин анын аты энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемалар, "Дастан" ишканасына байланыштуу, дагы башка чуулгандуу иштерде аталып жүрдү эле.

- Кечээтен бери мага Ширшовго байланыштуу бир топ журналист кайрылып жатат, бүгүн Садыр Жапаровдун билдирүүсүн дагы окудум. Президентибизди кимдир бирөөлөр, балким айланасындагыларбы, айтор катуу жаңылыштыкка алып келген. Аны туура эмес нерселерди, чындыкка дал келбеген нерселерди айттырууга түрткөн. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт. Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө - Интерполдо издөөдө жүргөн. "Убактылуу өкмөт, Башкы прокуратура иш козгогон эмес деп айтты" дегенге мен ишенбейм. Ага карата бир ишти Башкы прокуратура, дагы бир ишти Коопсуздук кызматы жана Финполция да козгогон болушу керек эле.

2010-жылы тергөө иштерине мен куратор элем. Ошол маалда ар он күн сайын козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү, издөөдө жүргөндөр, сыртынан соттолгондор тууралуу коомчулукка маалымат берип тургам. Муну жалпы кыргыз эли билет, чындыкты жашыра албайбыз. Биздин президентибизди кимдир бирөө атайын, мүмкүн жек көрсөтүш үчүн "андай иштер жок" деп айтып, аны катуу жаңылыштырып жатат. Андай иштер бар, жок деген сөздөр чындыкка дал келбейт.

- Ошол кылмыш иштеринин мазмуну эсиңизде жокпу?

- Азыр таптакыр эсимде жок. Бирок менде бардык кылмыш иштеринин көчүрмөлөрү бар. Бирок анын баары Кыргызстандагы үйдө. Алардын баарын "Мен кыргызмын" деген эки томдук китебиме дагы пайдалангам. Ошол экинчи томдун аягында кылмыш иштеринин фабулаларын дагы тиркеп койгом. Кийинки муундарга Бакиевдин заманындагы схемалар кандай иштеген, кандай коррупциялык иштер болгонун билишсин, ушундайларга жол берилбесин деген максатта тиркегем.

- Демек, бул кылмыш иштери тиешелүү органдарда бар турбайбы?

- Ал материалдар биздин Башкы прокуратурада эле эмес, эл аралык Интерпол уюмунда дагы бар. Анын баары ошол жакка да берилет да, ошонун негизинде издөө жарыяланат. Анын издөөдө жүргөнүн элдин баары эле билет да. Биздин президентти ким ушундай жаңылышууга алып келгени мага табышмак болуп жатат. Президент муну териштирип, аны ким жаңылыштырып жатса, тийиштүү чарасын берет деп ишенем. Анткени ал чындыкка дал келбеген нерсе.

- Садыр Жапаров Максим Бакиевдин 200 миллион доллары тууралуу дагы сөз кылган экен. Алексей Ширшов ошол акчаны кайтарууга көмөктөшүп жатканын айтыптыр. Сиздерде Максим Бакиевдин ушул акчасы тууралуу маалымат бар беле? Сөз кайсы акча тууралуу болуп жатышы мүмкүн?

- Биз Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын, Аскар Акаев жана анын жакындарынын каткан акчасын издеп, чет өлкөлөрдөгү болгон банктарга, укук коргоо органдарына кат жөнөткөнбүз. Мисалы, Акаевдердин акчасын табалы деп эл аралык адвокат жалдап дагы иш кылганбыз. Максим боюнча деле ошондой иштер жүргөн. Бирок биз аз эле иштедик да, 2010-жылдын декабрына чейин отурдук. Парламенттик шайлоодо беш партия келди, ошондо биз өзүбүздү таратып кетип калганбыз. Биз ошондо суроо-талаптарыбызга жоопторду толук алып бүтө электе эле кеткенбиз. Ал жоопторду кийинки бийликтегилер билсе керек. Ал маалыматтардын баары Башкы прокуратурада деле болсо керек. Мисалы, менин эсимде бар, АКШдан ошондой жооптор келген, ыңкылап болгондон кийин чыгарылып кеткен акча тууралуу маалыматтар келген. Кээ бир акчанын агымын токтотуп калганбыз, чыгарылып кеткен акча да болгон.

- Садыр Жапаров Максим Бакиевге таандык мүлк, анын ичинде "Аврора Плюс" эс алуу жайын, андагы батирлердин, коттеждердин таланып-тонолуп кеткенине дагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн күнөөлөптүр. Ал тууралуу дагы Ширшов маалымат бергенин айтыптыр. Сөз кимдер тууралуу болуп жатышы мүмкүн?

- Мен бул тууралуу билдирүүдөн окудум. "Аврора Плюс" боюнча ал жакка мен өзүм, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевди да ала барып, жергиликтүү элдин катышуусунда жыйын өткөрүп, ал жайды өрттөлүп кетүүдөн сактап калгам. Элге өзүм үч саат түшүндүрүп, "өрттөбөгүлө, эртең эле ушул жерде силер иштейсиңер, жумушчу орун болот" деп, канча үй, коттеж болсо, ошонун баарын сактап калганбыз. Убактылуу өкмөт кетип жатканда бул мамлекеттик мүлк болуп эле турган. Эгер кимдир бирөө мамлекеттин мүлкүн сатып жиберсе, анда аны жоопко тартсын да.

Азыр так эсимде жок, Камчыбек Ташиевби, же башкасыбы, айтор кайсы бир судья камалганда Убактылуу өкмөт улутташтырган объектилерди сатып жиберген экен деп айткан. Мен ал маалыматты укканда ким болду экен, кайсы объект болду экен деп ойлоп койгом. Биз улутташтырган объектилер кандай болгонун, кимдин колуна өткөнүн билбейм. Биз кетип жатканда бийликти ошол эле "Ата Журт" партиясына берип кеттик да. Бийликке ошолор келди, ошолор өкмөттү, судьяларды шайлашты. Ошолор биз улутташтырган объектилерди карашты да. Эгер кайсы бир Убактылуу өкмөттүн мүчөсү кайсы бир объектини алса аны жашырбай эле ачык айтышсын да. Аны алып келип камап коюш керек.

- Садыр Жапаров менен буга чейин ушул Убактылуу өкмөт, анын тушунда жасалган кайсыл бир иштер тууралуу сөз болуп, маектешкен жок белеңиздер?

- Мен азыр президенттин алдындагы кызматкермин. Ал экөөбүз жолуга деле элекпиз. Өзүбүздүн кызмат боюнча гана байланышыбыз бар. Башка байланышыбыз жок. Ушундай мамлекеттик маанилүү реформалар, президенттин жүргүзүп жаткан саясаты боюнча элчи, мамлекеттик кызматкер катары эмес, Кыргызстандын жараны катары айрым учурда пикиримди билдирип келе жатам.

Эгер бул иштер дагы ырбай турган болсо, бардык эле иштер Убактылуу өкмөткө жүктөлө бере турган болсо, биз - Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле үн чыгарганга, коргонгонго укугубуз бар. Анткени биз деле мамлекет, эл үчүн башыбызды сайып иштегенбиз. Элге айта турган, кайрыла турган көп нерселерибиз бар. Кеткен бийликти, кайсы бир саясатчыларга ушундай иштерди жүктөп койгон саясат бизде жүрбөшү керек. Бул туура эмес. Мага баарынан чындык маанилүү, кайда жүрсөм дагы чындыкты айтам.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG