Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

“Бакиев режиминде Жаныш менен Максимдин лагери түзүлгөн”


“Бакиевдин режиминде Жаныш менен Максимдин лагери түзүлгөн”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00

“Бакиевдин режиминде Жаныш менен Максимдин лагери түзүлгөн”

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул чыгарылышы Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова менен болду.

Ал “Ар-намыс” партиясына кантип мүчө болгонун, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди “Ынтымак” курултайында сындаганы, “Бакиев-Кулов тандеминин” кулашы, шоопур Илмияновдун саясаттагы таасири жана башка маселелер жөнүндө маек курду.

- Бөдөш айым, 2010-жылы мартта бийлик уюштурган “Ынтымак” курултайына өз киши деп “Ар-намыс” партиясынан делегат болуп шайланганыңызга карабай, Бакиевди сындап чыктыңыз эле. Эмне үчүн андай кадамга бардыңыз? Андан кийин бийликтин сизге мамилеси кандай болду?

- 2010-жылдын кыш-жаз айларында Кыргызстанда саясий абал чыңалып турган. Элдин бийликке болгон нааразычылыгы көбөйүп жатты. Эл арасында эле эмес, бийликтин ичинде - тар чөйрөдө да карама-каршылыктар болуп жатканын сезип турдук. Бакиевдин айланасындагылардын ичиндеги да пикир келишпестиктер болгону элге билинип жатты. Анан ошондой кырдаал болуп жаткандан кийин аны жеңилдетүү максатындабы, айтор, “Ынтымак” курултайын өткөрүү идеясы чыгып калды. Албетте, бийлик чакыра турган курултайга кимдер катышат, кимдер сүйлөйт, дыкат даярдыктар жүрөт эмеспи. Анан, ал курултайга жарандык коомдун өкүлдөрү, өзүнүн пикири бар саясатчылар жана оппозициядан эч ким чакырылбаганы катуу сынга кабылды. Эл аралык уюмдар да буга терс реакцияларын билдиришти. Жарандык коомдун катуу нааразычылыгынан кийин бакиевдик бийлик курултайга кошумча орундарды бөлүүнү, оппозициядан өкүлдөрдү чакырууга бел байлашат. Ошондон улам биздин “Ар-намыс” партиясына орун беришкенби, лидерибиз Феликс Шаршенбаевич (Кулов - ред.) мени курултайга катышуумду сунуш кылып калды.

- Феликс Кулов ал курултайга катышканбы?

- Жок, ал катышпады. Мен курултайга чейин “Ар-намыс” партиясынан сырткары ошол кездеги оппозициячыл саясатчылар менен кызматташып, ар кандай иш-чараларга, акцияларга активдүү катышып жүргөм. Оппозициядагылар “курултайга чакырган күндө деле бизге сөз бербейт, ошондуктан катышпайбыз” деп баш тартышкан. Бирок, Феликс Шаршенбаевич мага: “Катышпайсыңбы, сөз алып сүйлө, берип калса, Исмаил Исаковичтин маселесин да айтпайсыңбы”,- деп дагы айтты. “Жок, мен барбайм”,-деп кесе айтып кетип калдым. Ошол убакта мен камакта жаткан генерал Исмаил Исаковдун коомдук башталыштагы жактоочусу болуп жүргөм. Эртеси Исмаил Исаковдун карындашы экөөбүз генерал камалып жаткан түрмөгө барып жолугуп, кеңештим. Ал жерден Азимбек Бекназаровду, Темир Сариевди көрдүм, аларга да айттым. Алар менен да кеңештим, “барып катышып көр, бирок өзүң чеч” дешти. Исмаил Исаков: “Партия лидери айтып жатса барып көр, сөз бербесе да абалды ичинен байкап келбейсиңби?",-деп калды. Ошентип генералдан чыгып келатсам, Кулов телефон чалып, “Эртеден бери сени издеп жатам, кайда жүрөсүң, эртең курултайга барбай эле кой” деди, мен дендароо болуп эле түшүнбөй калдым.

- Башында Кулов сизди "курултайга бар" деп жатты эле го...

- Ооба, ал башында мени аябай көндүрө албай жаткан. “Сиз үч күндөн бери бар дейсиз, бүгүн барба дейсиз, бул эмне деген цирк, мен эртең барам курултайга”,-деп Куловго айтып, телефонду өчүрүп койдум. Феликс Шаршенбаевич эртеси эртең менен дагы чалып, барбай эле кой деди. “Жок мен барам, бийликке да келем деп койгом” деп айтып, телефонду дагы өчүрүп коюп, курултайга кирип кеттим. Ал жерде отурсам Алайдан телефон чалышып, Ошто Исаковдун 200дөн ашык жактоочуларын күч органдары автобуска салышып, белгисиз жакка алып кетишкенин айтышты. Анан бул курултай ынтымак болбой эле чыр менен башталып жатабы деп ойлондум. Ошентип курултайдагы негизги доклад – Бакиевдин сөзү бүттү. Курултайды башкарып жаткан Садыкбек Аблесов. Анан “жарыш сөзгө жазылсаңар болот” деп калды. Мен барып жазылдым, Илим Карыпбеков каттап жатыптыр. Президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Каныбек Жороев катталгандарды тыкыр көзөмөлдөп жаткан экен. Мен “Ар-намыс” партиясынын атынан да деп жазылып койдум. Мага сөз бат эле келип калды. Бакиевди карап алып сүйлөдүм, ичимдеги бугумду 12 мүнөттө төктүм. Ошончо убакта, андай сөздөр кайдан чыкты билбейм, кийин көрүп алып таң калдым.

“Сиз жакында революциянын 5 жылдыгын белгилейм деп жатасыз, ким менен белгилейсиз? Убагында сизди колтуктап бийликке алып келгендердин алды түрмөдө отурат, калганы чет өлкөлөрдө качып жүрөт, кээ бири өлүп калды. Сиз майрамды жалгыз эле "колго суу куйгандар" менен белгилейсизби, андай болсо сизди тарых кечирбейт”,-деп Бакиевдин бетине айттым. Ошондо президент бир обдулуп алды, айласы жок чыдап укту. Аблесов эки жолу “убактыңыз бүтүп калды” деп безеленет. Мени жактагандар да бар экен, залдагылар кол чаап жиберишти.

- Ошол сөздөн кийин эмне болду?

- Эмне болмок эле, партиянын лидери Кулов телефон чалып, “тез кеңсеге кел” деди. “Курултай өтүп жатат, бүткөндөн кийин барам” дедим. Бекназаров чалып: “Оо азамат, ал кандайча болуп кетти?”,- деп калды. “Барганда айтып берем”,-дедим. Анан тыныгуу болуп, мурдагы мамлекеттик катчы Накен Касиев жолугуп калды, ал мени кооптонгон көзү менен карап, “жардың” деген бир гана сөз айтты. Анан “эми этият бол” деди.

Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG