Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Путин Украинанын эки облусунун тургундарына орус жарандыгын алууну жеңилдетти


Украинанын Херсон облусундагы Орусиянын аскерлерине каршылыктар. 14-март, 2022-жыл.
Украинанын Херсон облусундагы Орусиянын аскерлерине каршылыктар. 14-март, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга укук берген жарлыкка кол койду.

Путин мурда Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына жеңил процедура менен жарандык алууга уруксат берген. Москва бул аймактардагы жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз республика катары тааныган.

Орусиянын 24-февралда башталган баскынчылыгынан бери Херсон облусунун көпчүлүк аймагы жана Запорожье облусунун жарымына жакыны орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Облустун административдик борбору саналган Запорожье шаары украин бийлигинин колунда.

Москва кол салгандан кийин Путин жана башка орус аткаминерлери Украинанын аймактарын басып алуу алардын максаты эмес экенин бир нече жолу айтышкан. Ага карабай орус аскерлери ээлеген райондордун баарында Москвага ыктаган администрациялар уюшулуп, Херсон жана Запорожье Орусия Федерациясына кошулушун жактаган жетекчилер дайындалган. Бул аймактарга орусиялык жогорку аткаминерлер келип, аталган облустар “ар дайым Орусия менен” болорун убада кылышкан.

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын жетекчилиги жарым аралда Украинанын жарандарына паспорт берүүчү борборлорду уюштурууга даяр экенин жарыялады.

Путиндин жарлыгында Харьков жана Николаев облустары айтылган эмес, бул аймактардын кайсы бир бөлүгүн да орус аскерлери басып алган.

“Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” жикчил түзүмдөрүнүн тургундарына орус паспорту 2019-жылдан тартып жеңилдетилген шартта бериле баштаган. Орусиянын Украинага баскынчылыгы бул аймактарда жашаган “мекендештерди” коргоо зарылдыгы менен да түшүндүрүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG