Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

 Ош шаарын суу менен камсыздоо үчүн тендерди тездетүү маселеси көтөрүлдү


Ош шарынын борбордук бөлүгүңдө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл
Ош шарынын борбордук бөлүгүңдө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл

Жогорку Кеңеш депутаты Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо долбоору үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каражат бөлүнгөнүн, иш башталбай жатышына Мамлекеттик курулуш агенттиги менен шаар жетекчилиги тендерди тездетип өткөрбөй жатканы себеп экенин айтты.

Депутат бул долбоорго Азия өнүктүрүү банкынан беш жыл мурда эле 5,5 миллион доллар бөлүнгөнүнүн айтууда.

"Эмне себептен ушунча жылдан бери тендер өткөн жок? 21-майда Кыргызстандын экинчи борбору атыккан Ошто алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өттү. Бир канча мамлекеттен спортчулар, коноктор келди. Ошондо суу чыкпай, Ош кандай байыркы шаар экенин көрсөттү", - деди Өмүрзаков.

Оштун мурдагы мэри, депутат Таалайбек Сарыбашев Ош шаары үчүн 3 миллион АКШ доллары Жогорку Кеңештен ратификациядан өтүп, учурда өкмөттө турганын айтты.

Натыйжада бул маселе боюнча Министрлер кабинетине Жогорку Кеңештен протоколдук тапшырма берилди.

Ош шаарында суу берүү 21-майда токтоп калып, 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилгени расмий жарыяланган. Бирок айрым кичи райондордо 23-майда араң суу жеткен. Суу жок учурда шаар калкына 20 суу ташыгыч автоунаа менен суу жеткирилди.

Ош шаарында 300 миңден ашуун колдонуучу расмий катталган. Жамгыр жааганда дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Кээде 2-3 күнгө чейин суу жок болуп калат. Көйгөйдү чечүү үчүн эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн. доллар грант катары берилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG